Аялдын намазы


Беш убак намаз 40 рекеттен турат. Булардын 17-си парз, 3-ү важиб, 20 рекети сүннөт.

Алар:

1-Багымдат намазы: 4 рекет. Алгач эки рекет сүннөт, кийин эки рекет парз окулат. Бул эки рекет сүннөт эң кубаттуу сүннөт болуп эсептелет. Жада калса, муну важиб дегендер да бар.

2-Бешим намазы: 10 рекет (4 рекет алгачкы сүннөт, 4 рекет парз, 2 рекет соңку сүннөт).

3-Асыр намазы: 8 рекет (4 рекет сүннөт, 4 рекет парз.)

4-Шам намазы:5 рекет (3 рекет парз, 2 рекет сүннөт.)

5-Куптан намазы: 13 рекет (4 рекет алгачкы сүннөт, 4 рекет парз, 2 рекет соңку сүннөт, 3 рекет витир намазы).

Асыр менен куптан намаздарынын сүннөттөрү гайри муаккад сүннөткө жатат. Булардын экинчи рекетинде отурганда «Аттахияту»дан кийин «Аллахумма салли» жана «Аллахумма барик» дубалары аягына чейин окулат.

Үчүнчү рекетке турганда алгач «Бисмиллах» айтыла электе «Субханака» дубасы окулат.

Бешим намазынын алгачкы сүннөтү муаккад сүннөт. Башкача айтканда, кубаттуу буйрук болуп саналат. Ошондой эле, бул сүннөттүн сообу да көп. Биринчи отурушта парз намаздарындагыдай жалгыз гана "Аттахиййатуокулуп, кийин үчүнчү рекетке турат. Турганда алгач "Бисмиллах” айтылып, кийин "Фатиха” сүрөсү окулат.

Мисалы, багымдат намазынын сүннөтү мындай окулат:

 

Биринчи рекет

 

1-НИЕТ.

Дене мүчөлөрү билинбей тургудай кылып баштан аяк жабылат. Бир гана алакандары менен жүзү ачык болот. «Ниет кылдым Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн бүгүнкү багымдат намазынын сүннөтүн окууга, жүзүмдү караттым кыбылага» деп ниет кылат.)

 

2-ТАХРИМА ТАКБИРИ

Колдорун эркектер сыяктуу кулакка алып барбайт. Көкүрөк тушуна алып келип, манжаларынын учун ийиндеринин деңгээлине чейин көтөрүп «Аллаху акбар» деп, эки колду көкүрөк үстүнө бири-биринин үстүнө коёт.


 

 3- КЫЯМ

Ушул туруу кыям деп аталат. Кыямда турганда көздөр сажда кылына турчу жерди карайт жана мына булар окулат:

-Субханака дубасы

-Аъузу – бисмиллах

-Фатиха сүрөсү

-Бир зам сүрө (мисалы, Кавсар сүрөсү)


 

 4- РУКУ

Рукуда эркектердей түз ийилбейт, аркасы менен башын, буттарын, колдорун түз кармабайт. Эркектерден аз ийилет. Манжаларын ачпай тизелеринин үстүнө коёт жана тизелерин бираз бүгүп турат. Көздөр буттун учун карайт.

Үч жолу «Субхана раббиал азым» деп айтылат.


 
 «Семиаллаху лиман хамидах» деп рукудан туруп жатканда этек жогору тартылбайт жана көздөр дагы сажда ордунан алынбайт. Тике тургандан кийин «Раббана лакал хамд» деп айтылат. (Ушул тик туруу кавма деп аталат).

 

5- САЖДА

Кавмада көпкө туруп калбай «Аллаху акбар» деп саждага барат. Саждага барарда ирети менен:

- Оң тизе, кийин сол тизе, оң кол, кийин сол кол, чыканактар менен мурун анан маңдай жерге коюлат.

- Бут манжалары кыбылага карап бүгүлөт.

- Баш эки колдун арасына коюлат.

- Кол манжаларынын арасы жабылат.

- Алакан менен бирге чыканактары да жерге тиет.

- Саждада буттар жерден көтөрүлбөйт жана көздөр жумулбайт.

- Ушул абалда үч жолу «Субхана раббиал аъла» деп айтылат.


 

 «Аллаху акбар» деп саждадан турарда буттар оң жакка чыгарылып, сол сандын үстүнө отурат. Колдор тизенин үстүнө коюлат. Оң буттун манжалары кыбылага каратылып бүгүлүп отурат. Колдор тизенин үстүнө коюлат, манжалар арасы өз эркине коюлат. Бул жалса деп аталат.


 

Көп отурбастан «Аллаху акбар» деп кайра саждага барат. Дагы үч жолу «Субхана раббиал аъла» дейт.


 
 Экинчи рекет

 

«Аллаху акбар» деп ордунан турат. Саждадан турар кезде колдору менен жерге таянып күч алууга болбойт. Саждадан турар кезде алгач маңдай, мурун, сол кол, оң кол, сол тизе анан оң тизе жерден көтөрүлөт.

Өйдө тик турганда

-Бисмиллах...

-Фатиха сүрөсү

-Зам сүрө (мисалы, Ихлас сүрөсү) окулат.

Экинчи рекет да биринчи рекет сыяктуу окулат.


 

 Зам сүрөдөн кийин «Аллаху акбар» деп рукуга ийилет. Рукуда эркектердикиндей түз ийилбейт. Аркасы менен башын, буттарын, колдорун түз кармабайт. Эркектерден аз ийилет. Манжаларын ачпай тизелеринин үстүнө коёт жана тизелерин бираз бүгүп турат. Көздөр бутунун учун карайт. Үч жолу «Субхана раббиал азым» деп айтат.


 

 «Семиаллаху лиман хамидах» деп рукудан туруп жатканда көздөр сажда кыла турган жерден алынбайт. Тике тургандан кийин «Раббана лакал хамд» деп айтат. 


 

 Көпкө турбастан «Аллаху акбар» деп саждага барат. Саждага барарда ирети менен:

- Оң тизе кийин сол тизе, оң кол кийин сол кол чыканактары менен, мурун анан маңдай жерге коюлат.

- Бут манжалары кыбылага карап бүгүлөт.

- Баш эки колдун арасына коюлат.

- Кол манжаларынын арасы жабылат.

- Алакан жерге коюлат, чыканактары да жерге тиет.

- Саждада буттар жерден көтөрүлбөйт жана көздөр жумулбайт.

- Ушул абалда үч жолу «Субхана раббиал аъла» деп айтылат.


 
 «Аллаху акбар» деп буттар оң жакка чыгарылып, сол саны үстүнө отурат. Колдор тизенин үстүнө коюлат. Манжалар арасы өз эркине ташталат. Бул жалса деп аталат.

 
 Көп отурбастан «Аллаху акбар» деп кайра саждага барат. Дагы эң аз үч жолу «Субхана раббиал аъла» дейт.

 

 6- ТАШАХХУД

Экинчи саждадан кийин «Аллаху акбар» деп ордунан турбай, жогорудагы айтылгандай отуруп:

-Аттахиййату,

-Аллахумма салли,

-Аллахумма барик,

-Раббана атина дубаларын окуйт.


 
 Кийин алгач оң ийинге, кийин сол ийинге «Ассаламу алейкум ва рахматуллах» деп салам берүү менен намазын аяктайт.


 

Салам бергенден кийин «Аллахумма антас-салам ва минкас-салам табаракта йа зал жалали вал икрам» дегенден кийин эч нерсе сүйлөбөстөн багымдат намазынын парзын окуу үчүн ордунан турат. Анткени, сүннөт менен парз намазынын арасында сүйлөө намазды бузбаса да сообун азайтат. Эки рекет парз дагы дал ушундай окулат.

Намаздан кийин үч жолу «Астагфируллах» дегенден кийин «Аятул курси» жана отуз үч таспих (субханаллах), отуз үч тахмид (алхамдулиллах), отуз үч такбир (Аллаху акбар) жана бир тахлил (Ла илаха иллаллаху вахдаху ла шарика лах. Лахул мулку ва лахул хамду ва хува ъала кулли шайин кадир) окулат. Буларды ар ким өзү уга тургандай үн менен окуйт. Үнүн чыгарып окуу бидат болот. 

Акырында дуба кылынат. Дубада колдорун көкүрөк тушуна параллель кылып көтөрөт. Чыканактар денеге жакын турат.  Алакан ичи көккө каратылат, себеби, намаздын кыбыласы Кааба болгондой дубанын кыбыласы дагы - асман. Аялдардын алакан ичи жүзүнө бираз ийилген абалда кармалат жана эки колдун арасы ачык болот. Дубадан кийин "Субхана раббика...” аяты окулуп колдор менен жүзүн сүртөт.

 

 

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш