Ислам дини » Сүрөттөрү менен намаз » Сүрөтү менен даарат




Сүрөтү менен даарат


Сүрөтү менен даарат

1. Алгач даарат алууга даярдануу керек. Ал үчүн жеңдер чыканакка чейин түрүлүп,    байпактар чечилип, багалектер түрүлөт, кийин «Ниет эттим Аллах ыраазылыгы үчүн даарат алууга» деп ниет кылынат жана аъузу-бисмиллах айтылат. Б.а., «Аъузу биллахи минашшайтанирражим, Бисмиллахиррахманиррахим» деп айтылат. 

 

 2. Колдор билектерге чейин үч жолу жуулат. Манжалардын арасынын жуулуусуна маани берүү керек. Манжада шакек бар болсо кыймылдатып айландырып, асты да жуулуш керек.       

 

 

3. Ооз менен мурун жуулат. Ал үчүн оң кол менен оозго үч жолу бөлөк-бөлөк суу алып, ар алган сайын жакшылап чайкалат. Кийин оң кол менен мурунга өзүнчө-өзүнчө суу тартылат жана сол кол менен чимкирип мурундун ичи тазаланат.    

 

4. Бет жуулат. Маңдайдагы чачтын бүткөн жеринен баштап кулактын жумшагына жана жаактын астына чейин беттин бардык жери үч жолу жуулат. 

 

5. Колдор жуулат. Алгач оң кол чыкынактары менен бирге үч жолу жуулат. Жууп жатканда кургак жер калтырбастан колдун бардык жерин жышып жуу керек. Кийин сол кол чыканактары менен бирге үч жолу жуулат. Жууп жатканда колдун бардык жери кургак жер калбай тургандай кылып жышылуусу керек. Суунун чоргосу аз ачылса ысырап болбойт. 

 

 

6. Баш масх кылынат. Оң колду суулагандан кийин колдун ички жагын жана манжаларын баштын үстүнө коюп бир жолу масх кылынат. Колдор сууланып оң колдун сөөмөй же чыпалагы менен оң кулактын ичи, ал эми баш бармак менен кулактын сырты, сол колдун сөөмөй же чыпалагы менен сол кулактын ичи, ал эми баш бармак менен кулактын арты масх кылынат. 

  

 Башты толук масх кылуу.

Баштын төрттөн бирин масх кылуу менен фарз орундалган болуп, даарат сахих болот. Башты толугу менен масх кылуу сүннөт болгондуктан толук масх тартылганда сүннөт сообу да алынган болот.

Ал үчүн мындай кылынса баштын бардык жери масх кылынган болот:

Алгач эки кол сууланып, эки колдун тең бармак жана сөөмөйдөн башка манжалары бири бирине бириктирилип, ички тарабы баштын алдыңкы жагына чачтын башталган жерине коюлат. Эки колдун бул үч манжасынын учтары бири-бирине тийиш керек. Ал учурда баш бармак менен сөөмөй жана алакан башка тийгизилбестен жогоруда болот. Эки кол артты карай бирдей тартылып, эки колдун тең үч манжасы баштын төбөсү менен арткы бөлүгүн масх кылат. Колдор артка чачтын четине келгенде эки колдун тең үч манжасы баштан алынып, эки колдун алаканы баштын четки жагына тийгизилип, арттан алдыга карай тартылып, баштын четки жагы (капталдары) да масх кылынат. Кийин эки колдун сөөмөйлөрү кулактын ички жагына, ал эми бармактар кулактын аркасына коюлуп, жогорудан төмөн карай масх кылынат. Кийин калган үч манжанын сырткы жагы желкеге коюлуп, желкенин ортосунан эки тарапка карай тартылып масх кылынат.  

(Сүрөттөгү көрүнүшү) 

 

7. Буттар жуулат. Оң бут үч жолу кызыл ашыктары менен бирге жуулат. Жууганда манжалардын учтарынан баштап жуулат жана манжалардын арасы хилалданып жакшылап тазаланат. Хилалдаганда сол колдун чыпалагы менен оң буттун чыпалагынан баштап калган манжаларынын араларына киргизип тазаланып жуулат.

Сол бут да үч жолу кызыл ашыктары менен жуулат. Жууганда манжалардын учтарынан башталат жана манжалардын аралары оң бутту жуугандай хилалданып жуулат. 

(Сүрөттөгү көрүнүшү) 

 

Даарат алганда ар бир мүчөсүн жууганда айтыла турган даарат дубаларын билбеген адам «Калимаи шахадат» айтат.

Кол, бет, буттар жуулуп, башка масх тартылса жана бир жолудан жуулса да даарат алынган болот. Мисалы убакыт өтө кысталган кездерде ушундай кылынат. Бирок, кадимки мезгилде жогоруда түшүндүрүлгөндөй сүннөткө ылайык алынса сүннөт сообу да алынган болот жана өтө жакшы болот.

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш