Ислам дини » Сүннөт-бидат » Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар




Бүгүнкү күнү кылынып жаткан бидаттар


Суроо: Бүгүнкү күндө кылынып жаткан бидаттар эмнелер?

ЖООП

Ибадаттарга бир нерсе кошуу – бидат. Динибиз кемчиликтүү эмес. Аллаху таала жана Пайгамбарыбыз алейхиссалам динде бир нерсени кем таштап койгонсуп мындан да жакшысын биз кылышыбыз керекпи? Ибадатка бидат аралаштыруу Аллаху тааланын дининде кемчилик издөө, койгон өкүмдөрүн жактырбагандык жана динди өзгөрткөндүк болот.

Мисалы, шам намазынын рекет фарзынын ордуна дагы көбүрөөк ибадат кылуу үчүн 4 рекет кылуу - бидат, намаз кабыл болбойт. Таспих тартууда 33 ордуна сооп болсун деп 40 же андан көп тартуу бидат болот. Ал эми эч таспих тартпаган болсо күнөө болбойт.

Намаздардан кийин аятал курси окулат, таспих тартылат жана дуба кылынат. Дуба кылып жатканда салатан тунжина окулат. Аятал курси окулчу жерде салатан тунжинаны окуу сүннөттү өзгөрткөндүк болот, б.а., бидат болот. Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам” кандай ибадат кылган болсо, мазхабыбыз муну кандайча билдирген болсо ошондой ибадат кылынат. "Муну да кылалы, тигини да кошолу” дегендик динди өзгөрткөндүк болот. Хадиси шарифте: "Ибадаттарды биз сыяктуу кылбаган адам бизден эмес”, - деп айтылган. Үн күчөткүч (микрофон) менен азан окуу жакшы болсо Аллаху таала пайгамбарына ибадаттын жакшысын эмне үчүн билдирбеди? Аллах үн күчөткүчтү жаратууга алсыз беле? Миңдеген мужизасы көрүлгөн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз муну жасай албайт беле? Аны жасабагандыктан үн күчөткүчтү ибадатка киргизүү бидат болот.

Калган бидаттардын кээ бирлери мына булар:

Ичке байпакка же жылаңач бутка масх тартуу. (Дурер)

Курани каримди теганни (обондотуп, музыкалаштырып) окуу. (Беззазиййа)

Намазды үн күчөткүч менен окутуу. (Мезахиби эрбеа, Элмалылы тафсири)

Намазда сүннөт менен фарз ортосунда дуба кылуу, таспих тартуу, үч Ихлас окуу. (Ибни Абидин)

Азан айткан адамдын таспих айтууну башкаруусу. Хутбаны Түркчө (Кыргызча ж.б. тилде) окуу. (Эль эдилле)

Намаз окуп, дубадан кийин шүгүр саждасын кылуу. (Дурр-уль Мухтар)

Намаздардан кийин имам менен колду төшкө коюп саламдашуу. (С.Абадиййа)

Мечитте ар намаздан кийин мусафаха кылуу (кол алышуу). (Радд-уль Мухтар)

Астагфируллахал азим аллази... деп башталган истигфарды азанчынын бийик үн менен окуусу. (Аль Ибда)

Вааздан кийин жаназада үндү бийик чыгарып дуба кылуу. (Мекатиб-и шарифа)

Мазар таштын бетине аяти карима, ыр, мактоо сөздөрүн, ж.б., нерселерди жазуу. (С.Абадиййа)

Бир кабырдан башка кабырга көчүрүлүп жатканда кайрадан жаназа намазын окуу. (Хиндиййа)

Асхабы кирамдан бирин жамандоо. (Шарх-и Акаид)

Аялды бир жолкусунда үч талак менен бошотуу. (Мажмуа-и Зухдиййа)

Жаназада бийик үн менен такбир айтуу, илахи окуу. (Халеби)

Жаназа намазынан кийин жамаатка кайрылып сөз сүйлөө. (Зубдет-ул-макамат)

Өлүк бар үйдөн халва, ж.б., нерселерди таратуу. Өлүүнүн 3, 7, 40, 52 жана 53чү күндөрүн белгилөө. (Тахтави)

Кабыр азабына ишенбөө. (Акаид-и Шейбаниййа)

Бир киши билдирген хадистерге ишенбөө. (Татарханиййа)

Мираж мужизасынын Кудустан кийинкисине ишенбөө. (Бахр)

Кыска сакалды сүннөт деп айтуу. (Хадика)

Мубарек түндөрдө эки мунаранын ортосуна кырка (лента) асуу. (Мират-ул-харемейн)

Хазрети Махди келген кезде "Бир заман келет, Сүннөт бидат сыяктуу жаман көрүнөт, бидат болсо сүннөт сыяктуу талап көрөт” деген хадиси шарифте билдирилгендей бидат кылууга үйрөнүп калган Мединадагы аалым бидатты жакшы деп эсептеп, ибадат катары орундагандыктан Хазрети Махдинин бидатка каршы сөздөрүнө таң калып: "Бул адам биздин динибизди жок кылууда”, - деп айтат. Хазрети Махди бул мазхабсызды өлтүрөт. (Мактубат-ы Раббани)

Кээ бир бидаттар

Жаннатта Аллаху тааланын көрүнө тургандыгына ишенбөө,

Көктө Аллах бар деп айтуу,

Аллах ата деп айтуу,

Хазрети Алини калган үч халифадан жогору деп саноо,

Асхаб-ы кирамга же фасык мусулмандарга болсо да лаанат кылуу – бидат.

Намаз окууну баштоодо бир гана тил менен ниет кылуу – бидат. Көңүл менен ниет кылуу шарт.

Куранды, зикирлерди, такбирлерди музыка менен же чоор менен окуу – бидат. Тасаввуф музыкасы деп аталган нерсе дагы бидат.

Акча алып Куран окуу бидат.

Хутбанын экинчи бөлүгүндө астыңкы баскычка түшүү, кийин кайрадан жогорку баскычка чыгуу,

Маасы үстүнө масх тартпоо же жылаңач бутка масх тартуу бидат.

Вааздан кийин жыйналып үндү катуу чыгарып дуба кылуу,

Мубарек түндөрдө, мечиттерде артыкча свет күйгүзүү бидат.

Кыска сакал менен сүннөттү орундаганына ишенүү,

Улуу заттардын өлгөн күндөрүндө аза күтүү бидат.

Жаназа болгондугун билдирүү үчүн мунараларда салат окуу,

Өлгөн адамдын 40 жана 52 түнүн белгилөө,

Мазар таштарына сүрөт койдуруу, Фатиха жана мактоо сөздөрдү жазуу бидат.

Күмбөз же мечиттерди таваф кылган сыяктуу айлануу бидат.

Суроо: «Намаздардан кийин дароо аятал курси окуу керек болсо дагы алгач Салатан Тунжинаны жана башка дубаларды окуу бидат. Буларды таспихтерден кийин окуу керек», - деп жатасыз. Сүннөт менен фарз ортосунда зикир чалуу, дуба кылуу эмне үчүн бидат болсун? Салатан Тунжинаны биринчи окусун же кийин окусун мунун эмне айырмасы бар? Устазыбыз дагы дайыма ушинтип окуйт. Ал билбесе сен билесиңби?

ЖООП

Биз асыл булак болуп эсептелген эмгектерден алып жазуудабыз. Өз көз карашыбызды дин деп ортого салуудан Аллах сактасын. Кимдин устазы болсо болсун эгер сөзү бул асыл булак эмгектерге каршы болсо ага маани берилбейт.

Меракыл-фалахтын Тахтави хашиясынын котормосу болгон Нимат-ы Ислам китебинде: "Фарз менен сүннөт жана сүннөт менен фарз ортосунда сүйлөө сүннөттү өчүрбөйт. Бирок, сүннөттүн сообун азайтат. Дагы бир өкүм боюнча сүннөт өчүү менен намаз орундалат”, - деп жазылган.

Ушул эле сөз Дурр-ул Мухтарда дагы бар: "Сүннөт менен фарз ортосунда сүйлөө сүннөттү өчүрбөсө дагы сообун азайтат. Бир нерсе окуу дагы сүйлөө сыяктуу. Кээ бир аалымдар: "Сүннөт кабыл болбойт. Мурдагы сүннөттү кайра орундоо керек”, - дешкен.”

Бул сөз Дурр-ул Мухтардын Арапча нускасынын 457, кээ бир басылмаларында 711-чи бетинде жазылган. Түркчө котормосунда дагы 3-том, 40-41-чи беттеринде бар. Ибни Абидин хазреттери бул сөздү түшүндүрүп жатып: "Ар түрдүү окула турчу нерселер дагы бул өкүмгө кирет”, - деп айтууда.

Ошондуктан, сүннөт менен фарз ортосунда сүйлөбөө керек, дуба, сүрө же үч Ихлас окубоо керек. Айрыкча, бул окууларды адатка айлантып алуу – бидат. Ибадаттарга кошумча киргизүү динди өзгөрткөндүк болуп саналат. Хадиси шарифте: "Ибадаттарды биз сыяктуу кылбаган адам бизден эмес”, - деп айтылган. (Мизан-ул Кубра)

Пайгамбарыбыз алейхиссалам кандайча ибадат кылган болсо, мазхабыбыз муну кандайча билдирген болсо дал ошондой ибадат кылуу керек. "Муну кылалы, тигини кошолу” же "Устазыбыз ушинтчү эле. Биз да ушундай кылалы”, - деп айтуу динде реформа жасагандык болот. Бул эч качан жаиз болбойт.

Сүннөт менен фарз ортосунда бир нерсе окуунун сүннөттү өчүрө тургандыгы Бахр-ур-раик китебинде дагы жазылган.

Тафаккур кылат

(Тафаккур бул - сабак алына тургандай жана пайдалана тургандай терең ойго батуу. Аллаху тааланын сыфаттарын жана ниматтарын ойлоо.)

Багымдаттын сүннөтүн үйүндө окуп, мечитке барган адам сүйлөбөйт, үнүн чыгарып бир нерсе окубайт. Оозун кыймылдатпастан ичинен калимаи тавхид окуй алат же тафаккур кылат. Эгер казага калган намазы бар болсо казасын окуйт. Курани карим окулуп жаткан болсо тыңдайт.

Багымдат намазынын фарзы менен сүннөтүнүн ортосунда окулуусу билдирилген дубалар бар. Бул дубаларды багымдат намазынын сүннөтүнөн мурда же фарздан кийин окуу керек.

Себеби, Ибни Абидин хазреттери айткан:

"Сүннөттөн кийин бир гана "Аллахумма антассалам ва минкассалам табаракта йа зал жалали вал икрам” дубасы окулат. Андан артык бир нерсе окулса сүннөт намазы сүннөт болгон жерде орундалбаган болот. Кээ бир аалымдар: "Сүннөт өчөт, кайрадан кылынуусу керек”, - дешти. Фарздан кийин келчү сүннөттү "Аллахумма антассалам.....” дегенден кийин андан артык кечиктирүү макрух болот. Расулуллах алейхиссалам фарздан кийин "Аллахумма антассалам.....” дегенчелик убакыт отуруп, дароо акыркы сүннөттү баштачу. Хадиси шарифтерде намаздан кийин окулуулары билдирилген "Эврад” акыркы сүннөттөрдөн кийин окулат. Себеби, сүннөт намаздар фарздардын уландысы болуп эсептелет. Акыркы сүннөттөрдөн кийин окуу фарздан кийин окуу деп аталат. "Расулуллах фарз намаздан кийин Таспих, Тахмид, Такбир жана Тахлил окучу” деген сөз бул "Акыркы сүннөттөрдөн кийин окучу” дегенди түшүндүрөт. (Радд-ул Мухтар)

Булар Ханафи мазхабына карата билдирилди. Шафии мазхабында башкача. Ар ким өз мазхабына карата амал кылуусу керек. Мисалы, бир Ханафи адам "Шафиилер имамдын аркасында Фатиха окушат” деп Фатиха окуса тахриман макрух кылган болот. Намазды кайрадан окуусу важиб болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш