Ислам дини » Сүннөт-бидат » Сүннөттүн түрлөрү




Сүннөттүн түрлөрү


Суроо: «Сүннөтүмдү таштаганга шапаатым харам болду» деген хадиси шарифин ислам аалымдары кандай ачыктап түшүндүрүшкөн?

ЖООП: Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын өзүнөн болгон буйруктары, аткарган ибадаттары «сүннөт» деп аталат.

Сүннөт экиге бөлүнөт:

1- Суннат-и худа

2- Суннат-и заваид

1- Суннат-и худа:

Бул «Суннат-и муаккада» деп да айтылат. Бул сүннөт Ислам дининин жүзү, өзгөчөлүгү, башка диндерде жок. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ар дайым аткарып жүргөн, таштаган убакыттары өтө аз болгон. Таштагандарга эч нерсе деген эмес. Ал эми анда-санда ташталган сүннөттөр «Гайри муаккада» деп аталат. Муаккада сүннөттөрүн себепсиз тез-тез таштоо макрух болуп, кичине күнөө болот. Ал эми намаздын ичиндеги муаккада сүннөттөрүн таштоо тахриман макрух болот. (Реддул Мухтар)

Динибиздеги бардык өкүмдөр Курани каримден алынат. Ал өкүмдөр үчкө бөлүнөт:

А) Маанилери ачык болгон жана аалымдар тарабынан чыгарылган өкүмдөр.

Б) Мужтахиддер тарабынан ижтихад менен чыгарылуучу өкүмдөр. (Даараттын парзы Ханафиде төрт, Ханбалиде он. Ушул сыяктуу өкүмдөр.

В) Үчүнчү бөлүгү жашыруун. Аллаху таала билдирмейинче эч ким түшүнө албайт. Булар жалгыз гана Пайгамбарыбызга билдирилген. Бул өкүмдөр Курани каримден алынса да сүйүктүү Пайгамбарыбыз тарабынан ачыкталып билдирилгендиктен «сүннөт» деп аталат. (Мектубат Раббани, 2-том, 55-мектуб)

Азан айтуу, жамаат менен намаз окуу сыяктуу сүннөттөр «Суннат-и худа» деп аталат. (Хадика)

2- Суннат-и заваид:

Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын ибадат ирээтинде эмес, адат ирээтинде аткарып жүргөн иштери «Суннат-и заваид» деп айтылат. Заваид сүннөттөрүн аткарбай калтыруу макрух эмес. Пайгамбарыбыздын кийинүүсү, жакшы иштерди оң жактан баштоосу сыяктуу иштери «Суннат-и заваид» деп аталат. (Раддул Мухтар)

Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

«Парзга байланыштуу болгон жана байланышы болбогон сүннөт бар. Парздагы сүннөттүн негизи Аллахтын китебинде. Бул сүннөттү (суннати худаны) алуу хидаят, ал эми таштап коюу адашуучулук. Башка сүннөттү (суннат-и заиданы) алуу пазилет (кундуу), ал эми таштап коюу күнөө болбойт». (Табарани)

Пайгамбарыбыздын адат ирээтинде аткарган иштерин аткарбоо бидат болбойт. Аларды аткаруу же аткарбоо элдердин жана улуттардын өз адаттарына байланыштуу болуп, диний өкүмдөрдөн эмес. Ар эми элдердин адаттары ар түрлүү болот. Жада калса, улуттун адаттары убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Ошол үчүн адатка байланыштуу нерселерде да (үзүр, кыйынчылык туулбаса) Пайгамбарыбызга баш ийүү дүнүйөдө жана акыретте адамдын көп нерселерге жетүүсүнө жана ар түрдүү бакытка жол ачат. (Мектубат Раббани, 2-том, 55-мектуб)

Китеп жана сүннөт дегенде бул жердеги «сүннөт» сөзү хадиси шариф деген маанини билдирет. Парз жана сүннөт делген кезде бул жердеги «сүннөт» сүйүктүү Пайгамбарыбыздын аткарган иштерин билдирет. Сүннөт сөзү жалгыз колдонулса «Ислам» дегенди билдирет. Бул сүннөткө моюн сунгандар «Ахли сүннөт» деп аталат. (Жавхара)

Шейхул Ислам ибн Кемал Пашазада хазреттери «Шахри хадиси арбаин» китебинде «Сүннөтүмдү таштаганга шапаатым харам болду» хадиси шарифинин түшүндүрмөсүндө мындай деди: «Бул хадиси шарифтеги сүннөт «Ислам дини» дегенди билдирет. Анткени, момун чоң күнөө кылса да шапааттан куру калбайт. Хадиси шарифте мындай делет:

«Үммөтүмдөн чоң күнөө кылгандарына шапаат кыламын». (Абу Давуд)

Мындан түшүнүлгөн нерсе - Ахли сүннөттөн айрылгандар шапаатка жетише албайт деген маани» (Шира)

«Үммөтүмдүн арасында фитна, бүлүк жайылган кезде сүннөтүмө жабышкан адамга жүз шейиттин сообу берилет» деген хадиси шариф бүлүк чыккан кезде ахли сүннөт вал жамаат ишениминде болуп, беш убакыт намазды жамаат менен окуганга жүз шейиттин сообу бериле тургандыгын билдирүүдө. (Риядун Насихин)

Ошондуктан, алгач ахли сүннөт ишенимине ылайык ыйманга келүү, андан соң харамдардан сактануу, кийин парздарды орундоо, кийин макрухтардан сактануу, кийин муаккада сүнөттөрүн, андан соң мустахабдарды орундоо керек.

Оңго жана так санга маани берүү

Суроо: Чайдын шекерин аралаштырып жатканда оңдон солго карай аралаштыруу, чыныны оң кол менен кармоо, чайды так санда ичүү заваид сүннөт деп айтылууда. Булар сүннөт болгудай Пайгамбарыбыз алейхиссалам чай ичти беле? 

ЖООП

Чай, кофе, лимонат ж.б. деп баары атап отурбайт. Булар мубах нерселер. Мубах болгон ар ишти оң тараптан баштоо, так санга маани берүү суннат-и заваид. Б.а., адаттарга тийиштүү сүннөттөр. Буга мустахаб деп дагы айтылат. Буларды кылбай койуу күнөө эмес, бирок, орундалса сооп болот. Бир канча мисал берели:

Мечитке оң бут менен кирүү, киргенде оң тарапка отуруу мустахаб. Бут кийим, көйнөк кийип жатканда, чачты тегиздеп жана тарап жатканда, тырмак кесип жатканда, мусулмандын үйүнө жана бөлмөсүнө кирүүдө, садака берүүдө оңдон башталат. Булардын тескерисин кылып жатканда, мисалы, бут кийим, байпак, кийимди чечип жатканда, мусулмандын үйүнөн, бөлмөсүнөн чыгып жатканда, ажатканага кирүүдө, чимкирүүдө, аврат жерди жууп жатканда солдон баштоо мустахаб. Үзүрсүз эле булардын тескерисин кылуу танзихи макрух болот. Оң кол менен жеп-ичүү, оң кол менен курмандык чалуу, оң кол менен жазуу, чай, кофе, суу сыяктуу нерселерди берип жатканда оң тараптан баштоо мустахаб. Сологой болгондордун сол кол менен жазуусунда жана сол кол менен курмандык чалуусунда зыян жок.

Төрт нерсенин баасы

Суроо: Так санга маани берүү сүннөт. Бирок, так эмес жуп нерсенин баасы жокпу?

ЖООП

Такка маани берүү башка, баалуу нерселердин так жана жуп болуусу башка. Төрт нерсеге байланыштуу көп нерсе бар. Бир канчасы булар:

Жер жүзүнүн тартиби төрт нерсе менен: Топурак, суу, от жана шамал.

Табияттын тартиби төрт нерсе менен: Ысыктык, сууктук, ным жана кургактык.

Диндин салахы төрт нерсе менен: Намаз, зекет, орозо жана ажылык.

Адамдын салахы төрт нерсе менен: Тамак, суусундук, кийим жана турак жай.

Төрт китеп: Тоорат, Инжил, Забур жана Кур'ани карим.

Төрт периште: Жабраил, Микаил, Исрафил жана Азраил (алейхимуссалам).

Төрт халифа: Абу Бакр, Омар, Осман, Али (радыйаллаху анхум).

Төрт мазхаб: Ханафи, Малики, Шафии жана Ханбали.

Төрт мезгил: Жаз, жай, күз, кыш.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш