Ислам дини » Сүннөт-бидат » Өзгөчө күндөрдү белгилөө




Өзгөчө күндөрдү белгилөө


Энелер жана аталар күнү

Суроо: Энелер, аталар күнү деп куттуктоонун динибизде орду барбы? Ошол күндөрү белек берүүгө болобу?

ЖООП

Европадан келген «Энелер, аталар күнү» адат болуп калган. Башкача айтканда, адатта бидат. Адатта бидат болгондугу жана зыяндуу болбогондугу, жаман жана динге каршы тарабы болбогондуктан энелер, аталар күнүн өтуөрүүдө жана белек-бечкек берүүдө зыян жок.

Энелерди, аталарды жылда бир күндүн ордуна ар күнү эстөө, аларга кызмат көрсөтүү, көз жумган болсо кайрымдуулук, жакшылык кылуу керек.

Суроо: Энелер күнүнө тийиштүү «Жаннат энелердин таманы астында» деген хадиси шариф айтылды. Дагы буга окшогон «Дин кылычтардын астында» деген хадиси шариф бар. Булардын түшүндүрмөлөрү кандай?

ЖООП

«Жанат энелердин таманы астында» дегендик «Жаннатка кирүү үчүн эне-атанын ыраазылыгын алуу керек» дегенди түшүндүрөт. «Дин кылычтардын астында» хадиси шарифинин түнүндүрмөсү болсо мындай:

Кылыч жихад кылууну, согуш техникасын көрсөтөт. Исламиятты жайылтуу, Жаннатка кирүү үчүн мусулман болбогон башка элдердин куралдарынын бардыгын жасоо жана буларды жакшы колдонуу керек. Душманга каршы эң мыкты куралдарды жасагандар жана алар менен диндин буйругуна ылайык түрдө согушкандар Жаннатты табышат. Жихаддын түрлөрү доорлорго карай өзгөрөт. Муздак согуш делген согуш түрү же калем менен жихад кээде курал менен болгон согуштан да маанилүү болушу мүмкүн.

Туулган күн жана үйлөнгөндүгүнүн жылдыктары (юбилейи)

Суроо: Туулган күн өткөрүүнүн, үйлөнүүнүн жылдыктарын белгилөөнүн зыяны барбы?

ЖООП

Туулган күнгө маани берүүнүн Христиандар Мусулмандардан үйрөнүп алышкан. Жаш курагын майрамдоо ибадат эмес адат. Бул адат Христиандардан келсе дагы ибадат болбогондуктан Мусулмандардын туулган күндү, үйлөнүү жылдыктары сыяктуу күндөрдүү белгилөөлөрү зыян эмес. Бирок, мусулман эместердин ибадат катары орундаган нерселерин, мисалы, майрамдарын куттуктоо жаиз болбойт.

Үйлөнүү жылдыктары сыяктуу күнөө болбогон адаттарды тууроо жаиз болот. Бирок, пайдасы болбогон адаттарды алуу Батышты жөн жок эле таклид кылуу, аларга суктануу жаиз болбойт.

Билим жана техникадагы жаңылыктарды мусулман эместерден дагы алуу болсо динибиздин буйругу. Себеби, «Илим Кытайда болсо да алгыла», «Хикмат билим жана өнөр момундун жоготкон малы. Каерде тапса алсын» деген хадиси шарифтер мусулман эместерге уйууну эмес илимди, билим жана техниканы аларда болсо да издеп табууну жана алардан үстөм болууга аракет кылууну билдирүүдө.

Исламиятта да туулган күндү куттуктоо бар, Аллаху таалага шүгүр кылуу болот. Мавлид түнү Пайгамбарыбыздын туулган күнү. Пайгамбарыбыз Дүйшөмбү күнү орозо кармачу эле. Себебин сурашканда: «Бүгүн дүнүйөгө келдим. Шүгүр үчүн орозо кармоодомун» - деген. (Муслим, Абу Давуд, И.Ахмед, Х.С.Весикалары)

Динибиз мубах болгон адаттарды кылууга уруксат берген. Хаким риваят кылган «Бир коомго окшогон ошолордон болот» деген хадиси шарифтеги окшоо ибадаттарда окшоо болуп саналат. Кийим-кушамга байланыштуу нерселер адат болуп саналат. Жаман эмес адаттарда мусулман эместерге окшоо күнөө болбойт. Ибадатта мусулман эместерге окшоо кээ бир жерде макрух, кээ бир жерлерде арам, кээ бир жерлерде куфур болот. Мисалы, крест таккан адам ыймандан ажырайт. Бирок, капырдын көйнөгүн кийүү, чачты узартуу күнөө болбойт. Себеби, булар адат.

Туулган күндө, үйлөнүү жылдыктарында торт жасоого болот. Бирок, торттодун үстүнө шамчырак тигүү орундуу эмес, муну кылбоо керек.

Туулган күн, юбилейлерди белгилөө адат болгондуктан бул куттуктоолорду хижри жылга карата, ошондой эле миладий жылга карата кылса да болот. Хижри жылга карата кылынуусу дагы да жакшы. Исламиятта күн жылынын айлары ичинде саналуу бир мубарек түн жок. Туулган күн жана мубарек түндөр хижри жылга карата майрамдалат. Бүткүл ибадаттарда жана диний иш чараларда камерий алар негиз болуп саналат. Ажылык, орозо, курмандык жана айт күндөрү камерий айларга карат аныкталат. Ажылыкты Аллаху таала билдирген Зилхижжа айында орундабастан миладий бир айда, мисалы, Январда орундоо, орозону болсо Рамазан айында эмес Февралда кармоо динди түп орду өзгөрткөндүк болот, ансыз деле өз убагында орундалбаган бул сыяктуу ибадаттар кабыл болбойт. Кадыр түнү, Арафа түнү, Рамазан айт түнү, Курман айт түнү, Берат түнү, Мавлид түнү, Мираж түнү, Рагаиб түнү, Мухаррам түнү, Ашура түнү дагы камерий айларга карай аныкталат. Аллаху таала кулдарына карата өтө мээримдүү болгондуктан бул түндөрдү кадырлаган, дал ушул түндөрү орундалган дуба жана тооболорду кабыл кыла тургандыгын билдирген. Бул түндөрдү дагы башка күндөргөн жылдыруу динди өзгөрткөндүк болот. Мисалы, Мавлид түнүн Аллаху таала момундарга Рабиулаввал айынын он экинчи түнү кылып белгилеген. Кээ бир мусулмандар бул касиеттүү түндү жыл сайын Апрель айында белгилеп жүрүшөт. Бул болсо Аллаху таалага каршы чыккандык болот, кандай кооптуу экендигин ушул жерден түшүнүү керек. Маселе, Аллаху тааланын койгон убакыттарын өзгөрткөндүк болуп саналат, мындан сак болуу керек.

Валентин күнү (сүйүшкөндөр күнү)

Суроо:Валентин күнү деп аталган сүйүшкөндөр күнүн майрамдоонун жана белек алып-беришүүнүн дин жагынан зыяны барбы?

ЖООП

"Аялдар күнү” жана "Балдар күнү” сыяктуу адат (салт) болуп саналат. Бирок, бүгүнкү күндө сүйүшкөндөр делип никесиз сүйүү тууралуу айтылууда. Бул болсо эч качан жаиз эмес, харам болгон нерсени майрамдоого болбойт. Калктын адатында (салтта) бар болгон нерсе жаиз, бирок, динге каршы болгон салтты майрамдоого болбойт. Б.а., динибизде никесиз байланышка тыюу салынган. Төмөндөгү христиандардын аңгемеси чын болсо сүйүшкөндөр күнүн куттуктоо бир поптун жаштарды табыштыруусун майрамдоо жана бир поптун өлүмүн эскерүүгө окшоодо. Жада калса, майрам деп жарыялангандыгына караганда христиандардын диний майрамдарын майрамдоо ыйман, дин жагынан ого бетер кооптуу.

Сайнт (Ыйык) Валентин (сүйүшкөндөр) күнүнүн чыгуу тарыхы:

Зулумдугу менен таанымал болгон Рим Императору II-чи Клаудиус чоң аскер жыйноону көздөйт. (Милади 200-ж) Император аскерге кошулган эркектердин үй-бүлөлөрүн жана сүйүктүүлөрүн ойлоп согуша албай калат деп ишенет. Ушул себептен улам жаштардын үйлөнүүлөрүнө тыйуу салат. Ошол доордо императорго каршы чыккан жаштардын башын кошкон Валентин аттуу поп ашыктардын эң жакын досу деп атанат. Муну уккан император Валентинди түрмөгө каматат. Түрмө күзөтчүсүнүн сокур кызынын сакайуусуна себепчи болгон Валентиндин аты Императордун кулагына жетет. Ошентип, 14-февралда поп өлтүрүлөт. (Милади 270-ж.)

Өлгөн күнү күзөтчүнүн сокур кызына жазган бир барак кагазы табылат. Ал кагазда Валентин ашыктардын ортосундагы махабат, кумарлык тууралуу сөз кылган болот. Ошол күндөн баштап 14-февраль Сайнт (Ыйык) Валентинди эскерүү үчүн бири-бирине ынтызар болгон сүйүшкөндөр тарабынан майрамдалып келет.

Христиандык поп Валентин жаштар менен кошо кичине балдар тарабынан да сүйүүгө бөлөнөт. Бир шылтоо менен туткундалат. Туткунда жаткан мезгил боюнча гүл букеттери менен кошо жазган каттарын күн сайын түрмөнүн темирлерине илип кетип турушат. 14-февралда Валентинди өлүм жазасына кесет. Өлгөндөн кийин жыл сайын 14-февраль күнү адамдар сүйгөндөрүнө гүл букетин, шоколад жана ашыктык сезимин билдире турган каттарын алып баруу адатка, салтка айланат.

Ар кайсы мамлекеттерден чыккан тарыхчылар 14-февралдын бир гана сүйүшкөндөргө таандык болуусуна каршы болушкан. Алар бешинчи кылымда жашап өткөн Ыйык Валентин аттуу поптун бул күндү майрам күнү деп жарыялап кеткенин айтышууда.

"Валентин христиандык ишениминде Римдик күнөөсүз (святой) болуп эсептелет. Милади 269-жылы өлтүрүлгөн деп саналууда. Ашыктардын ыйыгы деп да билинет. Жыл сайын 14-февралда эскерилет. Убакыт өткөн сайын бул күн "сүйүшкөндөр күнү” деп аталып кеткен.”(Oxford Dictionary of English)

Жаңы жылды майрамдоо

Суроо: Мусулмандарга жаңы жылды майрамдоого болобу?

Жооп: Мында ниет маанилүү. Жаңы жыл келди деген ниет менен атап өтүү күнөө болбойт. Мусулман эместердин диний майрамдары болгон рождествону майрамдоо деген ниет менен боло турган болсо ыймансыздык болот. Бирок, бул түндө өзгөчө салтанаттуу кылып өткөрүүгө болбойт, кадимки түндөрү эмне кылып жүргөн болсо ошондой өткөрүү керек. Мисалы, үйдү арча менен кооздобоо керек, бул түнгө деп атап индүк бышырбоо керек. Өзгөчө Исламдын касиеттүү түнү сыяктуу мавлит окутуу, сукбат өткөрүү таптакыр туура эмес.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш