Ислам дини » Сүннөт-бидат » Динде жеңилдик дегенди кантип түшүнүүгө болот




Динде жеңилдик дегенди кантип түшүнүүгө болот


Суроо: Мусулманчылыкта кыйноо жок. "Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла, толеранттуу болгула!” деп айтылууда. Мас болбой тургандай ичүүгө болбойбу? Аврат жерлерди жабууга толук амал кылуунун мааниси эмне? Намаздын ордуна кедейлерди тойгузууга болбойбу? Телевизор көрүп жатканда отургучта намаз окууга болбойбу?

Жооп: Курани каримде бир аяттын маанисинде минтип билдирилет:

"Аллаху таала динде силерге эч бир кыйынчылык жүктөгөн эмес”. (Хаж, 78)

"Жеңилдеткиле” дегени – "Силерге кыйын болуп жаткан ибадаттарды кылбагыла, аларды каалаганыңардай өзгөрткүлө” дегендик эмес. "Динибиз билдирген жеңилдиктерден пайдалангыла” дегени. Доорго, жерге жана адамдардын жагдайларына жараша кээ бир уруксаттар каралган. Жогорудагы суроолорго жооп берели:

Ичкиликтин мас кылбаса деле бир тамчысынын арам экендиги сыяктуу, аврат жерди жабуу да парз. Жеңилдетүү же татаалдаштырууга эч кандай тийешеси жок. Кедейди тойгузуу менен намаз окулган болуп эсептелбейт. Андай болгондо, диндин ээси "Намаз окугандын ордуна кедейлерди тойгузгула” деп айтмак. "Өйдө туруп намаз окуй албаган адам отуруп окусун, отуруп да окуй албаган адам жатып окусун” деп билдирилүүдө. Чиркөөлөрдөгүдөй "Скамейкага же отургучка отур!” деп айтылып жаткан жок.

Динибиз эмнелерде кандай жеңилдик бар экенин билдирген. Өз акылыбызга карата иш кыла турган болсок динге моюн сунбаган болобуз. Мисал үчүн:

1 – Суу жок болсо же суу бар болгондо да колдонуу зыяндуу болсо, мисалы, ооруп кала турган болсо таяммум кылат.

2 – Оорулу же алсыз адам отура албаса намазды жатып, ишарат менен окуйт. Отургучка отуруп окубайт.

3 – Рамазан айында мусулмандарга орозо кармоо парз. Бирок, бирөө ооруп калса же үч күндүк жолдон алысыраак бир жерге сапарга чыкса орозо кармоо ал үчүн убактылуу парз болбойт. Кийинчерээк ыңгайлуу бир убакытта кармай албаган орозосунун казасын кармайт.

4 – Сапарда төрт рекеттик парз намаздар эки рекет кылып окулат. Сапарда орозо кармоо кыйын болсо кармалбайт, сапар бүткөндө казасы кармалат.

5 – "Динде кыйынчылык жок” дегендин башка мааниси да бар. Мисалы, күн сайын орозо кармоого, түнү уктабастан таңга чейин намаз окууга өзүн кыйноо, үйлөнбөө динде жок.

Аллаху тааланын пенделерине кылган ихсандары жана буйруктары баарына бирдей эмес. Мисалы, кээ бир момундарга байлык берет, аны ажыга барууга буюрат. Кээ бирлерге да кедейлик берип, аны ажыга барууга буюрбайт. Байга зекет берүүнү буйрук кылат, кедейлерге буйрук кылбайт. Күч-кубаты, саламаттыгы мыкты болгон адамга орозо кармоону буйрук кылат. Ден-соолугу начар болгондорго орозону кечиктирүүгө уруксат берет. Ар бир адамга жагдайына жараша буйрук берет. Кимдир бирөөгө нисап өлчөмүндө байлык берип, зекет берүүсүн жана кедей болгон туугандарынын нафакасында жардамчы болуусун буйрук кылат. Кимдир бирөөгө кедейлик берип, зекет алууга акылуу кылат. Кимдир бирөөлөргө көп ихсан кылат. Алар дагы нематка шүгүр кылып, шүгүр кылгандардын мартабасына жетишет. Кимдир бирөөлөргө азыраак ихсан кылат. Алар дагы сабыр кылышат жана сабыр кылгандардын даражасына жетишет. Хадиси шарифте айтылды:

"Аллаху таала эч кимге күчү жетпеген нерсени буюрбайт”. (Насаи)

Адам мүмкүнчүлүгүнө жараша ибадат кылууга тийиш, уруксаттардан да зарыл болгондо пайдаланууга тийиш, кыйынчылык туудурбаш керек, эч кимди динден суутпоо керек. Хадиси шарифте айтылат:

"Жеңилдеткиле, татаалдаштырбагыла, сүйүнчүлөгүлө, кубанткыла, жек көргүзбөгүлө! Бири-бириңер менен жакшы мамиледе болгула, өзара чатакташбагыла!”(Бухари)

Динибизде ифрат жана тафритке, башкача айтканда, аша чаап, чектен чыгып кетүүгө орун жок. Динибиз орто жолдо болууга буйрук кылат. Бир ыйык хадисте: "Иштердин кайырлуусу васат болгону”, - деп айтылат. (Васат – ифрат жана тафриттен алыс болгон орто жол дегенди билдирет. Ифрат – нормадан көп, тафрит – нормадан аз деген маанини билдирет. Мисалы, көп уктоо – ифрат, аз уктоо – тафрит. Көп жеп-ичүү – ифрат, өтө аз жеш – тафрит.)

Ифрат кылып, алы жетпей тургандай даражада ибадат кылууга аракет кылуу, мисалы, түндөрү такыр уктабастан ибадат кылып чыгуу, күндүзү дайым орозо кармоо, аялынан узак болуу, эт, сүт, таттуулар сыяктуу азыктарды такыр жебей койуу жакшы мусулман болуу дегенди билдирбейт. Бир хадиси шариф: "Оңой бир дин менен жиберилдим. Динибизде монахтык жок. Эт жегиле, аялыңар менен мубашарат (жакындык) кылгыла! (Напил) орозо да кармагыла! Кармабаган күнүңөр да болсун! (Напил) намаз да окугула! Уктагыла дагы! Мен ушуларга буйрук кылындым”. (Табарани)

Жеп-ичпестен, уктабастан ибадат кылуу кыйын. Бир ыйык хадисте: "Дин бул – жеңилдик. Динде аша чапканды дин жеңип коёт”, - деп билдирилди. (Насаи)

Андан башка, тафритке берилип, "Динде жеңилдик бар” деп, динди бузгандар кездешет. Реформачылардын китептери ушундай каталарга толо. Бир канча мисал берели:

1 – Масынын үстүнө масх тартылат деп лактын үстүнө масх тартуу жаиз болбойт.

2 – Нейлон байпактарга масх тартуу жеңилдик болгону менен диндин буйругу өзгөргөн болот, намаздар сахих болбойт.

3 – Суу табылбаса таяммум кылынат, бирок, реформачылар айткандай суулар токтоп калганда "Суу издеп отурбай эле дароо таяммум алгыла!” деп айтуу динде жеңилдик эмес, динди өзгөртүү.

4 – Рамазан айы жайга туш келгенде кармабай коюп, кышка калтыруу жаиз болбойт.

5 – Намаздарды убагында окубастан баарын түндө жатаардын алдында окуу дагы динди өзгөртүү болот.

6 – Ханафиде гусулда ооздун ичин жуу парз болсо да, башка эки мазхабда парз эмес деп, ооздун ичин жуубоо мазхабсыздык болот.

Динде кыйынчылык жок дегендик "Динибизде берилген уруксаттардан пайдалангыла” деген маанини билдирет. Антпесе "Ар ким өзү жактырган нерселерди кылсын, жактырбаган нерселерди кылбасын, ибадаттарды каалагандай өзгөртсүн” дегендик эмес. Динде кичине болсо да өзгөртүү жасоо динсиздик болот. Бир ыйык хадисте: "Динибизде болбогон бир нерсе чыгарыла турган болсо ал нерсе мардуд (кабыл кылынбайт)”, - деп айтылды. (Бухари)

Ыйык аяттын да маанисинде: "Диндерин оюн-тамашага айлантып алган адамдардан оолак бол!” – деп айтылды. (Анъам, 70) 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш