Ислам дини » Сүннөт-бидат » Телкин берүү сүннөт




Телкин берүү сүннөт


Суроо: Сен өлүүгө угуза албайсың деген аят далил кылып көрсөтүлүп, өлүүгө телкин берүүнүн бидат экендиги айтылууда. Телкин сүннөт эмеспи?

ЖООП: Телкин – сүннөт. Сүннөттү бидат, адалды арам деп айтуу күфүр болот. Хадис аалымдарынан Имам Дайлами жана Имам Ибни Асакир тарабынан билдирилген хадиси шарифтер төмөндөгүчө:

"Боордошуңардан бирөө кайтыш болуп, топурак салуу аяктаганда бирөөңөр туруп, кабырынын башында: "Эй, баланча аялдын уулу баланча”, - десин! Анткени, ошол кайтыш болгон киши: "Бизди иршад кылгын, Аллах дагы сага ырайым кылсын!” - деп айтат. Бирок, силер муну укпайсыңар. Телкин берген киши: "Дүнүйөдөн чыгып баратканда Аллахтын бирдигин, Мухаммед алейхиссаламдын Анын кулу жана элчиси экендигин, Аллахтын Кудай, Исламиятты дин, Куранды Имам деп кабыл кылгандыгыңды эстегин!” - десин! Анткени, мункар жана накир периштелеринин бири экинчисине: "Кел, мунун жанынан чыгып кетели. Себеби, Хужжаты өзүнө телкин кылынган адамдын жанында туруубуздун кереги жок”, - деп айтат. [Ошол жердеги] бир зат: "Йа, Расулаллах! Энесинин атын билбесек эмне кылалы?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эй, Хавванын уулу баланча деп айтасыңар”, - деп жооп берди. (Румуз)

Имам Газали хазреттери Ихйада: "Саад бин Абдуллах: "Өлүм төшөгүндө жаткан Абу Умаманы зыярат кылып бардым. "Мен кайтыш болгондон кийин Расулуллах буюргандай [телкин берип] мени көмгүлө!” – деп, Расулуллах алейхиссалам үйрөткөн телкиндин кантип кылына турганын билдирген эле”, - деп накыл кылып, жогорудагы хадиси шарифти билдирүүдө.” (4-том)

Фыкых өкүмдөрүнүн айрымдары:

"Кабырдагы өлүүгө телкин берүү машру (шариятка шайкеш).” (Жавхара)

"Өлүүгө көмүлгөндөн кийин телкин берүү сүннөт.” (Нур-ул йакин фи мабхас-ит телкин)

"Расулуллах дефнден (өлүүнү жерге берилгенден) кийин телкин берүүнү буюрду. Өзү дагы телкин берди.” (Жила-ул-кулуб)

Имам Саффар хазреттери: "Өлүү жерге берилгенде руху менен акылы кайра ордуна кайтат. Өзүнө берилген телкинди түшүнөт. Телкин шариятка шайкеш”, - деп айтууда. Инаянын автору: "Устазым Кадыхандан уктум эле, Имам Маргинани телкин берчү жана телкинди бизге осуят кылчу”, - деп айткан. (Мавкуффат)

Меракыл-фалах жана Тахтави хашиясынын котормосу болгон Нимат-и Ислам китебинде телкиндин кантип бериле тургандыгын түшүндүргөндөн кийин мындай деп айтылат:

1 – Телкин машру (шариятка шайкеш). Бул Ахли сүннөттүн кавли жана "Мавтаңарга (өлгөн кишиңерге) телкин кылгыла” хадисине негизделген.

2 – Жерге берилгенден кийин телкин кылынбайт. Бул сөз мутазиланын пикири.

3 – Мейитке телкин буйрук да кылынбайт, тыюу да салынбайт.

Радд-ул-Мухтар жана Биргиви васиятнамасында да телкиндин шариятка шайкеш экендиги жана кантип кылына тургандыгы жазылган.

Танвир-ул кулуб, Мугнил мухтаж, Ианат-ут-талибин, Тухфа-ул-хабиб, Тухфат-ул-мухтач сыяктуу Шафии китептеринде дагы телкиндин сүннөт экендиги билдирилүүдө. Жада калса, бидатчыларга далил болуу жагынан Ибни Таймияны мактаган жана өлүүнүн укпай тургандыгын айткан Алуси дагы "Галиййа-тул-маваыз” китебинде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын телкин бергендигин жана телкин берүүнү буюргандыгын билдирүүдө.

Белгилүү болуп жаткандай, телкин шариятка шайкеш. Абдухчулардын, Ибни Таймиячылардын бидат деп айтууларынын эч кандай негизи жок.

Угузуу бул - кабыл кылдыруу дегендик

Ваххабилер рухтун өлбөй тургандыгын айтып жатышкан болсо да, Расулуллах дагы өлүк, укпайт. "Шапаат, йа, Расулаллах!” деген адам ыймансыз болот деп айтышууда. Межазды (каймана маанини) билбей жатышат. Бул маселеде бир канча ыйык аяттардын маанилери төмөндөгүчө:

"Согушта өлтүрүлгөндөрдү силер эмес Аллах өлтүрдү. Аткан кезиңде да сен эмес Аллах атты.” (Анфал, 17) Бирөөлөр башкаларды өлтүрүүдө, Аллах, мен өлтүрдүм деп жатат, Расулуллах атып жатат, сен аткан жоксун, мен аттым деп билдирип жатат.

Төмөндө да кабырдагыларга сен эмес мен угузам деп билдирип жатат.

"Ыймансыздар дүлөй, дудук жана сокур болушкандыктан туура жолго келишпейт.” (Бакара, 18)

"Ыймансыздар дүлөй, дудук жана сокур болушкандыктан акылдарын иштете алышпайт жана ойлоно алышпайт.” (Бакара, 171) Башкача айтканда, чындыкты угушпагандыктан дүлөй, чындыкты айтышпагандыктан дудук, чындыкты көрө алышпагандыктан сокур деп айтылып, туура жолго келишпегендиктери билдирилүүдө. Бул жердеги угуу - кабыл кылуу дегендик. (Бейдави)  

 "Ким ушул дүнүйөдө сокур болсо ал Акыретте да сокур.” (Исра, 72) (Бул аятта да тирүү жана өлгөн ыймансыздарга сокур деп айтылып жатат. Ал эми, дүнүйөдөгү чыныгы сокурлар Акыретте сокур болушпайт.

"Дүлөйлөргө угуза албайсың. Сокурларды жана адашуудагы адамдарды туура жолго баштай албайсың.” (Зухруф, 40) Бул аятта угуза албайсың дегени "сен чындыкты кабыл кылдыра албайсың” дегендик. Кабырдагыларга угуза албайсың деген сөз болсо - ыймансыздарга угуза албайсың, башкача айтканда, чындыкты кабыл кылдыра албайсың дегендик. (Бейдави)

"Сокур менен көздүү [ыймансыз менен момун], караңгы менен нур [батыл менен чындык], көлөкө менен ысык [Бейиш менен Тозок] тең эмес. Тирүүлөр менен өлүктөр дагы тең эмес. Чынында, Аллах каалаган пендесине угузат. Сен мүрзөдө жаткандарга [бут тиреген ыймансыздарга] угуза албайсың, сен болгону бир эскертүүчүсүң.” (Фатыр 19-22, Желалейн, Байдави) Бул аятта ыймансызга сокур, момунга көздүү, Бейишке көлөкө деп айтылууда. Расулуллах кабырдагыларга эмнени айтып угузат? Кудай сактасын, бул абсурд, маанисиз сөз болбойбу? Кабырдагыларды эмнеге туура жолго баштоого аракет кылсын? Дароо аяттын уландысында "Сен болгону бир эскертүүчүсүң”, башкача айтканда, милдетиң ыймансыздарды хидаятка (туура жолго) жеткирүү эмес, болгону эскертүү деп билдирилүүдө. Демек, кабырдагылардан максат – тирүү болгон өжөр ыймансыздар. (Бейдави)

"Ыймансыздардын көздөрү эмес көкүрөктөгү жүрөктөрү сокур.” (Хаж, 46) Аллаху таала бул жерде ыймансыздардын көздөрү эмес басираттарынын сокур экендигин ачык айкын билдирүүдө. Тактап айтканда, башка аяттарды да түшүндүрүп жатат. Жогорудагы аяттарда алар бир гана сокур, дүлөй жана сокур деп айтылып жаткан болчу. Бул аятта болсо сокур деп материлдык көз эмес, жүрөктөрдүн сокур экендиги, башкача айтканда, ыймансыз экендиктери билдирилүүдө. Андай болсо сокур делгенде баштагы көз түшүнүлбөгөндөй, өлүк же кабырдагылар делгенде да мүрзөдө жаткан өлүк деп түшүнүп калбоо керек.

"Сен өлүктөргө угуза албайсың. Тескери басып бараткан дүлөйлөргө да чакырууну угуза албайсың. Сокур адамдарды адашуучулугунан баш тарткызып, туура жолго сала албайсың. Бир гана аяттарыбызга ишенгендерге угуза аласың.” (Намл, 80-81, Рум, 52-53)

Бул жерде тирүү болуп, көз, кулак жана мээге ээ болгон ыймансыздар өлүккө окшоштурулууда. "Өлүктөрдү (ыймансыздарды) ыйманга келтире албайсың” деп айтылууда. "Өлүктөргө, дүлөйлөргө угуза албайсың” сөзүнөн кийин "Сен болгону аяттарыбызга ыйман келтире тургандарга гана угуза аласың” деп айтылууда. Ыймансыздардын угушпай тургандыгы, башкача айтканда, чындыкты кабыл кылышпай тургандыгы, ыйман келтире тургандардын гана уга тургандыктары, башкача айтканда, кабыл кыла тургандыктары ачык айкын билдирилүүдө. Эгер чындап эле кабырдагылардан максат өлүктөр болгондо, өлүктөр да укпай турган болгондо, ыйман келтиргендерге угуза аласың сөзү орунсуз жана жаңылыш болмок жана ыймансыз өлүк укпайт, момун өлүк угат деген маани чыгып калмак. Ал эми, Бухаридеги хадиси шарифте ыймансыз өлүк дагы угат деп билдирилүүдө.

Эскертүү: "Рух өлбөйт, өлүк угат” маселесинде кеңири маалыматка ээ болуу үчүн "Ваххабилик” темасын караңыз.

Телкин сүннөт

Суроо: Өлгөн адамга телкин берүү жаңылыш эмеспи? Биринчиси, өлүк укпайт. Экинчиси, укса дагы ыймансыз өлгөн болсо, телкиндин ага эмне пайдасы бар?

ЖООП: Телкин – сүннөт. (Жавхара)

Телкин ыймансыз өлүккө эмес мусулман өлүккө кылынат.

Айрыкча, мусулман өлүктүн эмес ыймансыз өлүктүн да уга тургандыгы хадиси шарифте билдирилген. (Бухари)

Эркек киши үчүн телкиндин үлгүсү:

Баланча уулу баланча, Аллахтын саламы сага болсун. (3 жолу)

"Андан башка бардык нерсе жок болот. Мүлк Аныкы, өкүм Аныкы. Ага кайтарыласыңар.” (Касас,88)

Андай болсо билип койгун, бул сенин дүнүйөдө турган жайларыңдын акыркысы, Акыреттеги жайларыңдын алгачкысы. Дагы билип койгун, бул төмөн дүнүйө мекениңен чыктың. Түбөлүк болгон Акырет мекениңе жеттиң. Жалган мекениңен чыктың, кубаныч жана жеңилдик мекенине жеттиң. Бул өткүнчү дүнүйөдөн чыктың, түбөлүк ааламга жеттиң. Дагы билип койгун, эми азыр сага рафик, боорукер, жүздөрү кара, көздөрү көк эки периште келет. Бирөөсү Мункар, экинчиси Накир. Алардан коркпогун! Капаланба, анткени, алар Рахман болгон Аллаху таала тарабынан милдеттендирилген эки кул. Сенден суроо сурашат жана айтышат: Раббиң ким, Пайгамбарың ким, диниң эмне, имамың эмне, кыбылаң эмне, досторун кимдер? Даана бир тил менен ал эки периштеге мындай деп жооп бергин: Раббим Аллаху таала, пайгамбарым Мухаммед алейхиссалам, диним Ислам, имамым Курани карим, Кыбылам Ыйык Кааба. Досторум момундар. Дагы билип койгун, өлүм хак, кабыр хак, Мункар жана Накирдин суроолору хак. Тирилүү хак, нашир хак, эсеп хак, мизан хак, сырат хак, момундар үчүн Бейиш хак, ыймансыздар үчүн Тозок хак.

"Биз силерди топурактан жараттык. Дагы силерди топуракка кайтарабыз жана кайра бир жолу силерди андан чыгарабыз.” (Таха, 55)

Сен дүнүйө жашоосунда болгон кезиңде Аллахтан башка кудай жок экенин жана Мухаммед алейхиссаламдын Анын элчиси экенине күбөлүк кылган элең. Мына ошол антыңды эстегин!

Аллахым, бул өлүүнү ушул жоопто бекем кыла көр! Ага туураны сүйлөт!

Аллахым, эгер ал жакшы киши болсо, жакшылыгын арттыра көр! Жаман киши болсо, аны кечире көр, ага ырайым кыла көр, аны муахаза (капа) кылба!

Аамин, валхамдулиллахи раббил аламин... (3 жолу)

Телкиндин түп нускасы:

 

Өлүккө телкин берүү сүннөт

Суроо: Өлгөн бир киши жерге берилип, топурак салынып көмүлгөндөн кийин мүрзөнүн башында өлүүгө телкин берүүнүн динибизде орду барбы?

ЖООП: Өлгөн бир адам жерге берилип, көмүлгөндөн кийин мүрзөнү жана кыбыланы карап өйдө туруп, телкин берүү – сүннөт. Мэжмаул-анхурда мындай деп айтылат: "Өлгөндөн кийин телкин берилет. Себеби, руху менен акылы кайра берилет жана берилген телкинди түшүнөт. Шафии мазхабында да ушундай.”

Кабырдагы өлүүгө телкин кылуунун шариятка шайкеш экендиги Жавхарада да жазылган. Нур-ул-йакин фи мабхас-ит телкин китебинде телкиндин сүннөт экендиги түрдүү далилдер менен далилденген. Жила-ул-кулуб жана Гаалиййада айтылат: "Расулуллах алейхиссалату васаллам дефнден кийин телкин берүүнү буюрду. Өзү дагы телкин берди.”

Кады-заданын Биргиви васиятнамасынын түшүндүрмөсүндө телкиндин кантип бериле тургандыгы кеңири жазылган.           

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш