Ислам дини » Сүннөт-бидат » Алдыңкы иштер




Алдыңкы иштер


Суроо: Динде буйрукту орундоо мурда турабы же харамдардан сактануубу?

ЖООП

Динибизде зыянды жок кылуу пайда табуудан мурда турат. Жаңылыш кылбоо туура кылуудан мурда турат. Көбүнесе бир канча жакшы ишибиз унутулуп, бирок, бир жаман ишибиз эч унутулбайт, дайыма астыбызга чыгарылат. Канчалык жакшы иш кылсак кылалы булар көрүнбөйт, бирок, бир ката кылсак бул эч качан унутулбайт. Ошондуктан, жаңылыш сөздөн, жаңылыш пикирден, жаңылыш иштен өтө сак болуу керек.

Ислам укугун билдирген Межелленин «Дев-и мафасид, желб-и манафиден авла»деген эреже «Зыянды жок кылуу пайда алып келүүдөн мурда турат» деген мааниде. Бир канча мисал берели:

Күнөөдөн сактануу сооп табуудан мурда турат. Тыюулардан, зыяндан качуу жакшы, пайдалуу нерселерди кылуудан да мурда турат. Макрухтан сактануу сүннөт иш кылуудан мурда турат. Харамдан сактануу парзды кылуудан мурда турат.

Буйрук менен тыюу бирге келген кезде тыюудан сактануу мурда турат. Бир буйрукту орундоо бир харамды кылууга себеп болсо, харам кылбоо үчүн ал буйрук ташталат, кылынбайт. Мисалы, намаз окуп жатканда нажасатты (кирди) тазалоо – буйрук, башка бирөөлөрдүн жанында аврат жерди ачуу болсо тыюу. Аврат жерин ачпастан тазалоо мүмкүнчүлүгү жок болсо тыюудан сактанылат, тагыраагы, аврат жери ачылбайт.

«Ал амру фавкал адаб» деп буюрулган. Тагыраагы, буйрукка баш ийүү адепти сактоодон мурда турат. Мисалы, улуулар менен бирге басып баратканда бир жерге алардан мурда кирүү адепке кайчы. Бирок, ал улуу зат кир деген болсо, «Жарайт мырзам» деп дароо кирилет. «Астагфируллах, алгач сиз кириңиз!» дегендик жаңылыш.

Дүнүйө сүйүүсүн көңүлдөн чыгарбастан Аллах сүйүүсүн коюу мүмкүн болбойт. Көңүлүнө Аллах сүйүүсүн коюуну каалаган адамдын харамдардан качып, дүнүйө сүйүүсүн көңүлүнөн чыгаруусу керек. Көңүлдөн дүнүйө сүйүүсү чыкканда Аллах сүйүүсү өзүнөн өзү кирет.

Ошондой эле, «Өтө маанилүү нерсени аз маанилүү нерсенин ордуна тандоо» деген принцип бар. Мисалы, сүннөт иш кылуу нафил иш кылуунун ордуна тандалат. Хазрети Омар багымдат намазын окутканда жамаат арасында бир жаш жигитти көрө албай, келбегендигинин себебин сурады. «Ал түнү нафил ибадат кылат. Балким багымдатты окугандан кийин уктаган чыгар», - дешти. «Түнү бою уктап, багымдат намазын жамаат менен окуса андан да жакшы болмок», - деди. Көрүнүп тургандай бир парзды кылып жатканда адептеринен бир адепти кылуу жана бир макрухунан сактануу зикир, пикир жана мукарабадан көптөгөн баалуу. Булар ал адепти кылуу менен жана макрухтардан сактануу менен бирге кылынса албетте өтө пайдалуу болот. Бирок, алар болбостон бир нерсеге жарабайт.

Ушул сыяктуу эле бир сом зекет берүү миңдеген сом нафил садака берүүдөн да жакшы. Ал бир сомду берип жатканда, тагыраагы, бир парзды орундап жатканда бир адебин сактоо, мисалы, жакын тууганга берүү дагы ал нафил садакадан көптөгөн эсе жакшыраак. Ошондуктан, алгач Ахли сүннөткө ылайык ыйман келтирүү, кийин харамдардан сактануу, кийин парздарды орундоо, кийин макрухтардан сактануу, кийин муаккад сүннөттөрдү, кийин болсо мустахабдарды кылуу керек. Бул учурда биринчи турганын кылбаган адамдын кийинки турганын кылуусунун пайдасы болбойт жана мурда турганды кыла алуу үчүн кийинкини таштоосу жаиз, атүгүл, важиб болот.

Олуя болуу үчүн дагы буларды кылуу керек. Ирети менен алгач Ахли сүннөт аалымдары билдиргендей ыйман келтирүү, кийин харамдардан сактануу, парз болгон ибадаттарды орундоо жана салих болгон момундарды сүйүү керек. Ихлас (ыклас) менен кылынбаган ибадаттардын пайдасы болбойт, сооп болбойт.  Ихлас – бардык нерсени бир гана Аллах ыраазылыгы үчүн кылуу. Мисалы, Саадат-и Абадиййа китебинде билдирилген өзүнө парз болгон илимдерди үйрөнүү фарз айн болуп саналат. Бираз убакыт фарз айн болгон илимдерди үйрөнүү миң жыл нафил ибадаттан үстөм. Себеби, нафил ибадат парздын жанында деңиздин жанында тамчы да боло албайт. Ыр сабы:

Парз илимден бир нерсе үйрөнсөң эгер,

Казынанын баары мынча баага татыбайт.

(www.islamdini.kg)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш