Ислам дини » Сүннөт-бидат » Техникалык аспап менен ибадат кылуу




Техникалык аспап менен ибадат кылуу


Суроо: Кээ бир өлкөлөрдө бир мечиттен башка мечиттерге ТВ менен байланышып, башка мечиттегилер борбордук мечиттеги имамга уйгандыктарындай эле мечитке келбеген киши дагы үйүнөн ТВдагы имамга уюп намаз окуйт экен. Мунун зыяны жокпу?

ЖООП

Үйрөнүү ниети менен ТВдан Курани карим угуу жаиз. Магнитафондон угуу дагы жаиз. Окулган Курани каримди кассетага жаздырып, көрүстөнгө барганда  магнитофонго салып кассетадан угуу менен Курани карим окулган болбойт. Ушул сыяктуу эле бир адам намаз окуп жатканда өзүн видеого тартса, кийин намаз убактысы киргенде видео менен бул фильмди койсо намаз окуган болбойт. Намаз окуу, азан окуу убакыттуу ибадаттар. Буларды магнитофон менен, видео менен кылуу бидат болуп, чоң күнөө болуп саналат.

ТВ жана видео жакшы окуутуу куралы болуп эсептелет. Мисалы, намаздын кантип окула тургандыгын мисал кылып көрсөтүү өтө жакшы болот. Бирок, намаз окуган имамды видеого тартып алып, имамдын ордуна экрандагы бул видеого көрсөтүүгө уюу жаиз болбойт. Бул сыяктуу азан окуган азанчыны видеого жаздырып, убакыт киргенде видеодон азан окуттуруу дагы жаиз болбойт. Себеби, ТВ экранындагы сүрөт азанчынын өзү эмес, анын көрүнүшү. ТВдагы үн болсо азанчынын жеке өзүнүн үнү эмес анын окшошу.

Эки башка нерсе бири-бирине өтө окшосо дагы бир эмес. Мисалы Осман менен эгиз бир тууганы Али бири-биринен айырмалай албай турганчалык даражада окшошсо дагы экөө эки башка. Бирөө Осман, экинчиси Али.

Бир адамдын сүрөтү өзүнө дал окшошу болуп, бирок, дал өзү эмес. Сүрөттүн көзү жыртылса ээсинин көзүнө бир зыян келбейт. Бир адам күзгүгө караса күзгүдөгү көрүнүш аны караган адамдын сүрөтү. Бул сүрөт ээсинин жеке өзү эмес болуп, анын окшошу, көрүнүшү. Күзгүнү сындырсак көрүнгөн сүрөт жок болсо дагы, ээсине бир нерсе болбойт.

ТВ, магнитофон жана радиодогу үндөр ээсинин окшош үнү, дал өзү эмес. Дал ушулар сыяктуу имамдын үнү колонкага берилгенде электр жана магнит пайда кылган бир үнгө айланат. Биз уккан үн имамдын үнү эмес, электр жана магнит пайда кылган үн. Тагыраагы, колонкадан чыккан үн электр таасири менен пайда болгон магнит кубаттарынын титирөө менен темир раска пайда кылган бир үн. Бул үн имамдын үнүнө канчалык окшосо окшосун болгону анын окшошу болуп саналат, дал өзү эмес.

ТВдагы көрүнүшкө имам деп уюу менен колонкадан чыккан үнгө имамдын үнү деп уюу экөө бир нерсе. Көрүнүш жеке имам болбогондугу сыяктуу үн дагы жеке имамдын үнү эмес. Ошон үчүн көрүнүшкө жана техникалык аспаптардан чыккан үнгө уюу менен имамга уюулган болбойт.

ТВдагы үндөр чагылуу (жаңырык) эмес. Чагылууга уюу дагы жаиз болбойт. Радд-ул-мухтаркитебинде: «Тоого тийип жаңырган үн адам үнү катары кабыл кылынбайт. Ортомчусуз, жеке адамдын өзү айтуусу керек. Жаңырык менен келген үн чыныгы үн өкүмүндө болбогондугу үчүн жаңырык менен келген бир сажда аяты үчүн тилават саждасы керек болбойт», - делген.

Намаз окуганда көрүнүшү видеого жаздырылган имамга уюу жаиз болбогондугу сыяктуу, ТВнын түз алып көрсөтүүсүндө имамды дагы көрсөк мындай имамга уюу жаиз болбойт. Же колонка же радио аркылуу келген үн дагы имамдын үнүн болбогондуктан бул үн менен кыймылдап ибадат кылуу да жаиз болбойт.

Бул аспаптарды ибадат куралы катары эмес, окутуу, үйрөтүү, кабар сыяктуу иштерде колдонуу өтө пайдалуу. Ибадаттарга аралаштыруу бидат.

Пайгамбарыбыз алейхиссалам, Асхабы кирам жана ушуга чейин келген Ислам аалымдары намазды кандайча окушкан, ибадаттарды кандайча орундашкан болсо дал ошондой кылуу керек. Кошуу жана алып салуу – динди өзгөртүүчүлүк болот. Ибадаттарга бидат киргизүү менен андан да жакшы ибадат кылган болбойт. «Ибадаттардын биз сыяктуу кылбагандар бизден эмес» хадиси шарифин ойлоо менен ибадаттарга кошумча жана алымча кылуу менен динди өзгөртүүдөн өтө сак болуу керек!

Аркадан келген үн

Суроо: Бир мечиттин арка тарабында намаз окуп жатканда имамдын үнүн арттан келди. Артта да ыйман барбы деп таң калдым. Ыктыярыман сырткары башымды буруп карадым. Үн колонкадан келип жаткан экен. Намазым бузулдубу?

ЖООП

Көкүрөк кыбыладан бурулбаган болсо намаз бузулган болбойт, бирок, макрух болот. Көкүрөк да бурулган болсо намаз бузулат. Колонканын ушундай иштери да бар. Чөктөк телефондорунан дагы музыкалар угулт. Булар – акыр заман белгилери.

Суроо: Колонка менен намаз окуткан имамга уюу жаизби?

ЖООП

Аспаптын зыяны жок. Эгер колонкадан чыккан үнгө эмес имамга уюулуп жаткан болсо зыяны жок. Тагыраагы, имамды көрүп жаткан болсо же имамды көргөн адамды көрүп жаткан болсо анда да зыяны жок. Имамды көрбөсө же имамды көргөн адамды көрбөсө, анда колонканын үнү менен намаз окулбайт. Кээ бирлер мечиттен үйүнө колонка туташтырып, үйүнөн имамга уюуда. Булардын намазы сахих болбойт.

Экинчи бир нерсе, имамдын итикады туура болсо жана мажбур түрдө колонка менен окутуп жаткан болсо ага уюу сахих болот. Имам бидатчы болсо ансыз да ага уюу ылайык болбойт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш