Суроо: Бидатчынын амалынын кабыл
болбой тургандыгы тууралуу хадис барбы? Анын ойдон чыгарылбаганын кантип
билебиз?
ЖООП: Ижтихад ижтихад менен накз кылынбагандай (жокко
чыгарылбагандай) эле, бир аалым башка бир аалымдын китебиндеги хадисти ойдон
чыгарылган десе, ошол хадис башка аалымдын оюу боюнча ойдон чыгарылган болбойт.
Мындан тышкары, көптөгөн диниятчылар да «сахих болуу» менен «кабыл болуу»
сөздөрүнүн маанисин билишпейт. Төмөндөгү жазуулардын айрымдары ушул темага
байланыштуу. Бидатчынын амалынын кабыл болбой тургандыгы тууралуу көптөгөн
хадиси шариф бар. Бирөө мындайча:
«Бир бидатчынын намазы, орозосу, ажылыгы, умрасы, жихады, тообосу, парзы,
нафили жана бир да жакшылыгы кабыл болбойт, камырдан [майдан] кыл чыккандай динден чыгуусу оңой
болот.» [Ибни Мажа]
Хадика менен Барика китептеринде «Бидатчынын
эч бир ибадаты кабыл болбойт» хадиси шарифи түшүндүрүлүп: «Ибадаттары
сахих болот, бирок, сооп берилбейт», - делген. Бидатчынын ибадаттары сахих
болсо да, кабыл болбойт. Кабыл болбойт дегендик сахих болбойт дегендик эмес.
Сахих болот, бирок, сооп болбойт дегендик. (Редд-ул Мухтар)
Эгер бир
хадистин ойдон чыгарылган же чыгарылбаганын Имам Бухари, Имам Муслим, Имам
Газали, Имам Раббани сыяктуу Ислам аалымдары билбесе, анда биз кантип билебиз?
Расулуллахтын мурасчылары болгон бул аалымдар сахих менен ойдон чыгарылган
хадисти айырмалай албай турганчалык жахилби? Же атайылап ойдон чыгарылган хадис
ала турганчалык динге душманбы? Динди жаңыдан түшүндүрөбүзбү? Мазхаб
имамдарыбызды, хадис имамдарыбызды, Кудай сактасын, биз суракка алабызбы? Алар
динибизди толук эмес кылып көрсөтүштүбү? «Атайылып мага изафа
кылып (менин атыман) калп айткан, хадис ойдон чыгарган адам
Тозоктогу ордуна даярдансын» хадиси шарифин билишпейби же ойдон
чыгарылган хадисти билип туруп маани беришпегендиктен китептерине алышуудабы?
Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде ойдон чыгарылган хадис бар деп айтуу
Расулуллахтын мурасчыларын өтө катуу сынга алуу болуп саналат.
Сеййид Ахмед
Тахтави хазреттери айтат:
«Жалгыз кутулган
топ болгон Ахли сүннөт вал жамаатты ээрчигиле. Аллаху тааланын жардамы,
коргоосу жана тауфики ушул топтогулар үчүн, ачуусу жана азабы болсо бул топтон
бөлүнгөндөр үчүн. Бул фирка-и нажиййа (кутулган топ) бүгүн төрт мазхабда
жыйналган. Бул доордо ушул төрт мазхабдын бирине уйбаган адам бидатчы болот
жана Тозокко кетет.» (Дурр-ул-мухтар хашиясы, Забайых бөлүмү)
Шафииде имамдын
артында Фатиханы окуу парз. Ханафиде болсо тахриман макрух. Түрдүү ижтихад
рахмат болгондуктан экөө тең сооп алат. Андан соң ижтихадды ижтихад менен жокко
чыгарууга болбойт. Имам Шафии парз деген деп Ханафилер Фатиханы окуй алышпайт.
Ханафилер да арам деген деп Шафиилер бул ижтихаддан баш тарта алышпайт.
Анткени, мужтахид жаңылса бир, туура тапса эки сооп алат. Бир мужтахид башка бир
мужтахиддин ижтихадын жокко чыгара албайт. Хадис маселесинде да ушундай. Эгер
Имам Шафии бул хадис мавду десе, Ханафилер үчүн да ошол хадис мавду боло
албайт.
Сеййид
Абдулхаким Арваси хазреттери айтат:
«Хадис илиминде
мужтахид бир аалым кээ бир аалымдар тарабынан сахих делген бир хадисти мавду
деп айта алат. Мужтахиддин ушундай деп айтуусу «Бул хадисти Расулуллах айткан
эмес» деген мааниде эмес. «Бул хадис менин усулума ылайык, тагыраагы, сахих
болушу үчүн мен талап кылган зарыл шарттарга ээ болбогондуктан хадис эмес,
ойдон чыгарылган. Бирок, башка мужтахид үчүн хадис сахих болушу ыктымал»
дегендик. Түрдүү ижтихаддар да дал ушундай. Мага ылайык, тагыраагы, колумдагы
далилдерге ылайык туурасы ушул, дейт. Бирок, бөлөкчө ижтихад кылган мужтахидге
эч нерсе дебейт. Бирөөсүнүн ойдон чыгарылган деп айтууга укугу бар болгондой
эле, экинчисинин да сахих деп айтууга укугу бар. Ошондуктан, бир да Ахли сүннөт
аалымынын китебинде ойдон чыгарылган хадис болушу мүмкүн эмес.
Салих амалдын баасы
Суроо: Имам Раббани хазреттери: «Бидатчынын кылган
ибадаттары таштандычылардын жумушуна окшош. Таштандычылар башкаларга караганда
көбүрөөк иштешет, көбүрөөк чарчашат. Айлыктары болсо баарынан аз. Ислам динине
туура моюн сунгандар зергерге окшош. Алардын жумушу аз, бирок, табыштары өтө
көп. Кээде бир сааттык иштери жүз миңдеген жылдын табышын пайда кылат. Мунун
себеби – Ислам динине ылайык амал кылгандыктары. Хак таала муну абдан
жактырат», - деп айтууда. Бул жерде таштандычыларга акарат кылынып жаткан
жокпу? Андан тышкары иштебестен көп акча табуу адамдарды жалкоолукка тартпайбы?
ЖООП: Келтирилген бул мисалдын таштандычыны жамандоо же
зергерди мактоо менен байланышы жок. Ыйманы жана амалы туура болгон адамдардын
көп сооп ала тургандыктары, туура болбогон адамдардын болсо өтө аз нерсеге ээ
боло тургандыктары билдирилүүдө. Оңой түшүнүлүшү үчүн ушундай бир мисал
көрсөтүлүүдө. Зергер аз иштейт, көп табат, таштандычы көп иштейт, аз табат.
Андай болсо жасалган иш туура болууга тийиш деп айтылууда. Иштеп жатып кыйналба
деп айтылып жаткан жок. Бул жагдай мына бул хадиси шарифте өтө сонун
түшүндүрүлүүдө:
«Ант берип айтамын, эгер бир адам Ухуд тоосундай чоң алтын садака берсе
сахабаларымдын биринин бир ууч арпа садакасынын сообун таба албайт.» [Бухари]
Бул жерде
кутман сахабалар макталып жатып, башка адамдар жамандалып жаткан жок. Кутман
сахабалардын кадыры, улуулугу билдирилүүдө. Бирөөсү кыйналбастан аз өлчөмдө бир
ууч арпа садака берүүдө, калгандары тоолордой алтын садака беришүүдө, бирок, аз
сооп алышууда. Себеби мына булар:
1 – Итикаддарынын
туура болушу, бидат аралашпоосу.
2 – Амалдарынын
туура болушу, бидат аралашпоосу.
Кутман
сахабалардын айрыкча сукбатка катышуу абройлору бар. Бул аброй аларды өтө
бийиктиктерге көтөрүүдө, баарынын бейиштик болуусуна себеп болууда.
Ислам динине ылайык
кылынган ибадатка, зикирге, жакшылык жана кайрымдуулукка напси, шайтан
аралаша албайт. Тагыраагы, буларды буза албайт, каалагандарына жете албайт.
Ислам динине ылайык кылынбаган бардык нерсеге болсо шайтан да аралашат, напси
да аралашат. Ага күнү-түнү ибадат кылдырышат, зикир чалдырышат, ыйлатышат,
сыздатышат. Атүгүл, түрмөлөргө киргизишет, жанын да бердиришет. Ал буларды
дайыма кабыл болууда деп жасайт, бирок, натыйжада колуна бир да нерсе
тийбегендей эле, «Каап, мен эмне кылыпмын», - деп сызданат.
Бидатчынын амалы
Суроо: Бир адам Ахли сүннөт эмес.
Бирок, күфүргө себеп болчу бидаты да жок. Мындай бир бидатчынын кылган
ибадаттары сахих болобу?
ЖООП: Ахли сүннөт итикадында болбогон адам бидатчы деп
аталат. Бидатчынын кылган ибадаттары сахих болсо да, карыздан, азаптан кутулса
да, убада кылынган соопторду ала албайт. Акыретте дүнүйөдө кылган
жакшылыктарынын, кайрымдуулуктарынын сообуна жете албайт. Аларга жетүү үчүн
тообо кылып, ыйманын оңдоосу зарыл. Ахли сүннөт эместин ыйманы туура болбойт.
Ыйманы туура эмес адам Аллаху тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жете албайт.
Анын ырайымынан, жардамынан куру калат. Ырахатты, көңүл тынчтыгын таба албайт.
Бир хадиси шарифтин мааниси:
«Бир бидатчынын намазы, орозосу, ажылыгы, умрасы, казаты, тообосу, парзы,
нафили жана бир да жакшылыгы кабыл болбойт. Камырдан [майдан] кыл чыккандай анын динден чыгуусу оңой
болот.» [Ибни Маже]
Хадика жана Берикада «Бидатчынын эч
бир ибадаты кабыл болбойт» хадиси шарифи түшүндүрүлгөндө «Ибадаттары
сахих болот, бирок, сооп берилбейт», - деп айтылууда. Тообосу кабыл болбойт
дегендин мааниси – амалын кабыл болот деп билип, тообо кылбай тургандыгы.
Фасыктардын
жана бидатчылардын ибадаттары сахих болсо да, кабыл болбойт. Кабыл болбойт
дегендин мааниси сахих болбойт дегендик эмес. Сахих болот, бирок, сообу болбойт
дегендик. (Радд-ул-мухтар)
Бидаттарына тообо кылбагандар
Суроо: Ибни Маженин китебиндеги бир хадисте: «Бидатчынын
намазы, орозосу, ажылыгы, умрасы, казаты, тообосу, парзы, нафили жана бир да
жакшылыгы кабыл болбойт. Майдан кыл чыккандай анын динден чыгуусу
оңой болот», - деп айтылууда. Эң жаман бир капырдын да тообосу кабыл
болуп жатканда, бидатчынын тообосу менен ибадаттары эмне үчүн кабыл болбойт?
ЖООП: Бул маселеде башка бир
хадиси шариф мындайча:
«Бидатчынын тообосу бидатынан баш тартмайынча кабыл болбойт.» [Таберани]
Демек, бидатынан
баш тартса тообосу кабыл болот.
«Тообосу кабыл болбойт» дегени –
«Бидатчы бидат кылуу менен сооп алдым, жакшы бир иш кылдым, диндин буйругун
аткардым деп ойлогондугунан улам тообо кылуу эч качан оюна келбейт» дегендик.
Эгер бидаттарын бидат деп билип тообо кылса, сөзсүз кабыл болот. (Ашиат-ул-лемеат)
«Ибадаты кабыл болбойт» дегендик эмнени түшүндүрөт?
Хадика жана Барикада «Бидатчынын эч
бир ибадаты кабыл болбойт» хадиси шарифи түшүндүрүлгөндө «Ибадаттары
сахих болот, бирок, сооп берилбейт», - деп айтылууда.
Бидатчынын
ибадаттары сахих болсо дагы, кабыл болбойт. Кабыл болбойт дегендин мааниси
сахих болбойт дегендик эмес. Сахих болот. Бирок, сообу болбойт дегендик. (Радд-ул-мухтар)
Ибни Маже
билдирген хадиси шариф күфүргө себеп болбогон бидаттар тууралуу. Эгер бидаты
ыйманда болсо, ыйманы бузулган болсо, ансыз да анын ибадаттары да сахих
болбойт. Ыйманы бузулган андай адамдар ыймансыз. Ошондуктан, бидаттардын ар
түрүнөн катуу сактануу зарыл. Мурун жазылган Ахли сүннөт аалымдарынын
эмгектеринин сыртында жазылган китептерге, өзүнүн жеке түшүнгөнүнө таянып
«Китеп жана Сүннөткө ылайык жаздым» дегендерге маани бербөө керек. Китеп менен
Сүннөттөн биздин түшүнгөндөрүбүз эмес, Ахли сүннөт аалымдарынын түшүнгөндөрү
баалуу. Андай болсо, дин накылга таянат. Накылга таянбаган китептерге,
тагыраагы, Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринен алынбаган маалыматтарга эч
маани бербөө керек.