Ислам дини » Сүннөт-бидат » Жаңы жылды майрамдоо жана рождество (кристмас)




Жаңы жылды майрамдоо жана рождество (кристмас)


Суроо: Жаңы жыл менен рождество тууралуу маалымат бересизби? Жаңы жылды майрамдоого болобу?

ЖООП: Жаңы жыл түнү менен рождество экөө эки башка нерсе. Бирок, бул Рождество майрамынын уландысы катары кароого боло тургандыктан, жаңы жыл түнүндө алардай көңүл ачып, арча кыйып, үйдү балаты менен кооздогон жаиз эмес. Анткени, майрамдарында алар сыяктуу көңүл ачуу аларга окшошуу болот.

Диний китептерде айтылат:

Рождество күнү жана түнү капырлардын пасха жана майрамдарында алар сыяктуу майрамдаган адам ыйманын жоготуп, күфүргө кабылат.

Жаңы жыл майрамына карата өлкөбүздүн жана дүнүйөнүн ар кайсы жерлеринде миллиондогон арча көчөттөрү кыйылып жок кылынууда. Христиан өлкөлөрүндөгүдөй бул кылмаш мусулман өлкөлөрүндө да жасалбашы керек. Христиандарга окшоп калбоо үчүн жаңы жыл түнү үндүк (индюк) жебеш керек! Эгер желсе макрух болот. Бир нече күндөн кийин желсе болот. Кумар оюндары жана бинго тартуу сыяктуу оюндар дайыма эле жаиз эмес. Ошондой эле ошол түнү мусулман эместерге окшошуу үчүн түрдүү тамак-аштарды, суусундуктарды сатып алуу да жаиз болбойт.

Кадимки күндөрү эмне алып жаткан болсо, ошолорду алуунун зыяны жок. Айтор, ошол түнгө өзгөчө маани бербеш керек.

Христиандардын гана эмес, яхудилердин жана бардык батыл диндердин ибадаттарын кылуу аларга окшошуу болот. Мисалы, 21-мартты Нооруз майрамы катары майрамдоо да ушундай. Капырлардын ибадаттарынан жана ыплас иштеринен башка мубах болгон үрп-адаттарын кылуунун зыяны жок. Башкача айтканда, аларга окшошуу болуп эсептелбейт.

Рождествону майрамдоо эч жаиз эмес. Эгер кандайдыр бир зарылчылык болсо, анда жаиз болот. Мисалы, мамлекеттер аралык протоколдо зарылчылык болгондуктан майрамдоо жаиз болот. Бирок, рождество менен байланышы жок жаңы жылда бир мусулманга куттуктоо баракчасы жазып, жаңы бир жылдын адамзатка, мусулмандарга пайдалуу болушун тилек кылуу күнөө эмес. Же, "жаңы жылыңар менен” деген адамга "силердин да жаңы жылыңар менен” деп  айтуу күнөө эмес. Ушул ичке маселени түшүнүү керек!

Мусулман ар түнү эмнени кылса ошол түнү да ошолорду кылууга тийиш! Куду мубарек түн катары мавлид окутуу, сукбат уюштуруу орундуу эмес. Ал түндүн башка түндөрдөн эч кандай айырмасы жок. Ал түндү барктагандай иш кылуу туура эмес. Мусулман ар түнү эмнелерди кылса, ошол түнү да ошолорду кылууга тийиш!


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш