Аллаху таала ачык билдирбеген, бирок,
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мактап, өзү туруктуу түрдө аткарган
же башкалар жасап жатканда тоскоол болбогон нерселер сүннөт деп аталат.
Сүннөттү жактырбоо куфур. Жактырып, бирок, аткарбаган адамга азап кылынбайт.
Бирок, себепсиз эч аткарбаган адам күнөөлөнүүгө жана сооптон куру калууга
ылайык болот. Мисалы: азан айтуу, коомат келтирүү, жамаат менен намаз окуу,
даарат алганда мисвак колдонуу, үйлөнгөн түнү тамак берүү (той берүү) жана
уулун отургузуу (сүннөт кылуу).
Сүннөттүн эки түрү бар: Суннати муаккада жана
Суннати гайр-и муаккада.
Суннати муаккада: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)
дайыма аткарган күчтүү сүннөттөр. Багымдат намазынын сүннөтү, бешим намазынын
алгачкы жана акыркы сүннөтү, шам намазынын сүннөтү, куптан намазынын акыркы эки
рекет сүннөтү мына ушундай. Багымдат намазынын сүннөтүн важиб деген аалымдар да
бар. Буларды эч качан себепсиз аткарбоого болбойт. Жактырбаган капыр болот.
Суннати гайр-и муаккада: Булар Пайгамбарыбыздын ибадат
максаты менен кээде аткарган амалдары. Аср жана куптан намазынын төрт рекеттик
алгачкы сүннөттөрү мына ушундай. Булар бир нече жолу орундалбаса, эч нерсе
болбойт. Себепсиз түрдө таптакыр аткарылбаса, күнөөлөнүүгө дуушар болуп,
шапааттан куру калууга себеп болот.
Даарат алуу, тамак жеп ичүү жана ар бир пайдалуу
ишти баштоонун астында "бисмиллах” деп айтуу сүннөт. Даарат алганда
мисвак колдонуу да сүннөт.