Суроо: "Фитна учурунда
сүннөтүмдү таштасаңар болот деген хадис жок. Тескерисинче, фитна учурунда
сүннөткө жармашканга жүз шейиттин сообу бар деген хадис бар. Сүннөткө амал
кылуу фитна болмок беле? Негизи сүннөттү таштоо фитна. Маселен, селде, чатыр,
шалвар кийип жүрүү керек”, - дегендер кездешүүдө. Сүннөткө амал кылуу фитна
болобу же амал кылбоо фитна болобу?
ЖООП: Сүннөткө
гана эмес, кээде абалга карай парзга амал кылуу дагы фитна болот. Төмөндөгү бул
маселелелрдалилдери менен түшүндүрүлгөн. Сүннөт экиге бөлүнөт:
1
- Суннат-и худа: Ислам дининин шиары (символу) болуп, башка диндерде
жок. (Радд-ул-мухтар)
2
- Суннат-и заваид: Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын ибадат катары эмес,
үрп-адат, салт катары дайыма кылган иштерине айтылат. Заваид сүннөттөрүн таштоо
макрух эмес. Пайгамбарыбыздын кийингени, селде ороосу, жакшы нерселерди оң
тараптан баштоосу сыяктуу нерселер суннат-и заваид. (Радд-ул Мухтар)
Бир хадиси
шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Парзга
байланыштуу болгон жана болбогон сүннөт бар. Парздагы сүннөттүн келип чыгышы
Аллахтын китебинде. Бул сүннөттү [суннат-и худаны] алуу
хидаят, аны таштоо далалат. Башка сүннөттү [суннат-и
заиданы] алуу пазилет, таштоо болсо күнөө эмес.” [Табарани]
Таштоо күнөө болбогон заваид сүннөттөр селде ороо жана эркектердин антари (чепкен)
кийүүсү сыяктуу болгон сүннөттөр. Чаршаф менен шалвар заваид сүннөт да эмес,
бидат. Бирок, үрп-адатта бидат болгондуктан кийүү жаиз. Экинчи Абдулхамид хан
чаршафтын Османлы өлкөсүнө кирүүсүнө тыюу салганы менен, мода катары кирип,
тоскоол боло алган эмес. Имам Раббани хазрети мындай дейт:
Пайгамбарыбыз
алейхиссаламдын мындай салт катары жасаган нерселерин кылбоо бидат эмес.
Буларды кылуу же кылбоо өлкөнүн жана элдин үрп-адаттарына жараша болот жана
диний өкүмдөр эмес. Ар бир өлкөнүн үрп-адаты ар башка. Ал тургай бир өлкөнүн
үрп-адаты убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. (2/55)
Төө минүү жана эркектердин чапан кийүүлөрү заваид сүннөтөрдөн. Суроодогу
сөздү айткан адам төөдө эмес унаада жүргөндүктөн, чепкен кийбегендиктен
сүннөткө жармашпаган болууда. Сүннөткө жармашпагандыктан фитна чыгарган
болуудабы? Эгер ооба болсо, эмне үчүн фитна чыгарууда?
Пайгамбарыбыз
алейхиссалам үрп-адатка жараша узун чепкен кийген болуп, шалвар, шым кийген
эмес. Шалвар жана шым кийүү үрп-адатта бидат. Үрп-адатта бидат болгон
нерсени кылуу күнөө эмес. Ушул себептен үрп-адат болгон жерлерде капырлардан келген
болсо да, аялдардын чаршаф, эркектердин шалвар кийүүлөрү күнөө болбойт. Тирмизи риваят
кылган хадиси шарифте Расулуллахтын грек чепкенин кийгени айтылган. Ошондой эле
поптун бут кийимин да кийген. (Радд-ул-мухтар)
Азыр
араб деп аталган адамдардын көбү чепкен кийишет. Ал эми түрк тектүү өлкөлөрдө
салт болбогондуктан эркектер чепкен кийишпейт. Заваид сүннөт болгондуктан
чепкен кийбөө күнөө жана макрух эмес. Селдечен жүрүү да Расулуллахтын адаты
эле. Ал убакта капырлар да селдечен болушкан. Хадиси шарифте: "Селде -
арабдардын таажысы”, - деп айтылган. (Байхаки)
Эректердин
чепкен кийүүсү сыяктуу өлкөнүн салты болбогон кийимдерди кийүүдө бут тиреп
туруп алуу динибиздин оронуу буйругунун мазакталуусуна, атүгүл, ага тыюу
салынуусуна себеп болсо, мунун убалы да чоң болот.
Мудараны
жакшы билишпейт. Мудара – динди же дүнүйөнү зыяндан сактап
калуу үчүн дүнүйөлүк пайдадан берүү, адамдар менен жакшы мамиледе болуу,
Исламдын сыртына чыкпай жылуу жүз көрсөтүү жана көңүл алуу. Кээ бир коомдордо
динибизге зыян келтирбөө үчүн мудара талап кылынат. Мудара – ишенимин жана кээ
бир маселелерде өзүнүн көз карашын сыр сактоо, жашыруу дегенди билдирет. Сырын
ачып койгон адам көбүнесе айткан сөзүнө өкүнөт. Адам айтпаган сөзүнүн ээси,
айткан сөзүнүн болсо туткуну. Ошондон улам: "Захабыңды, зихабыңды жана
мазхабыңды сыр сакта!” – дешчү. Бул жерде захаб – акча, зихаб
– ишеним, мазхаб – карманган жол дегендик. Башкача
айтканда, акчаңды, диний ишенимиңди жана саясый көз карашыңды сыр сакта деген
маанини билдирет. Бул бир нече түрдө болот:
1- Капырлардын
арасында калып, мал-мүлкүнө жана өмүрүнө карата коркунуч болгон адам аларга чын
жүрөктөн эмес, тилинин учунда сүйүү көрсөтсө жаиз. Чындыгында, мушриктер
Хазрети Аммарды, атасы Ясирди жана энеси Сумаййаны кыйноого алып: "Лат
менен Узза буттары Мухаммеддин дининен жакшыраак деп айт!” - деп
мажбурлашчу, айтмайынча кыйноону арттырышчу. Акыры эне-атасын оор кыйноолор
менен шейит кылышты. Хазрети Аммар капырлардын кыйноолорунун натыйжасында алар
талап кылган күфүр сөздөрдү тилинин учунда айтканда, "Аммар динин
таштап, капыр болду”, - дешти. Расулуллах алейхиссалам ал
жөнүндө мындай деп буюрду:
"Аммар
капыр болгон жок, ал баштан-аяк ыйманга толо. Ал эки жагдайга туш болгондо эң
туурасын тандайт.” [Ибни Мажа, Абу Нуайм]
Көрүнүп
тургандай, фитна болбошу үчүн Хазрети Аммар күфүр сөздү айтты. Демек, фитна бар
болсо, сүннөттү таштоого боло тургандай эле, фитнанын абалына жараша парзды
таштоого болот, атүгүл, күфүр сөздү айтууга да болот.
Хазрети
Аммар боштондукка чыкканда Расулуллах алейхиссалам анын көздөрүндөгү жашты
куттуу колу менен аарчып, сооротуп жатты. Бул окуядан кийин Нахл
сүрөсүнүн "Аллахка күфүр кылгандарга оор азап бар. Ал эми, жүрөгүнө
ыйман орношкон абалда [күфүр] мажбур кылынып, тили менен гана
айткандар андай эмес” деген маанидеги 106-аяти каримасы түштү.
Расулуллах хазреттери да Хазрети Аммарга: "Эгер мушриктер кыйнаса дагы
ушинтип айт!” – деп буюрду. (Ибни Мажа)
Демек,
күфүр болгон кандайдыр бир сөздү мындай жагдайда тили менен гана айтуу жаиз.
Эгер мындай учурларда күфүр сөз жаиз болуп жатса, сүннөттү таштоо, ал тургай
калп же башка арамдар да албетте жаиз болот. Анткени, согушта айла-амал кылуу,
калп айтуу жаиз болот. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Согуш куулук, согуш куулуктан турат.” [Ибни
Сунни, Ибни Лал]
"Үммөтүмдүн
арасында фитна жайылган кезде сүннөтүмө жармашкан адамга жүз шейиттин сообу
бар” деген хадистеги сүннөт – Исламият дегендик. Болбосо селде ороо,
чепкен кийүү, сакал коюу дегендик эмес. Менин сүннөтүм деген сөз – менин жолум,
башкача айтканда, Ислам дини деген маанини билдирет. Имам Насыруддин Сеййид
Абул-Касым Самарканди хазреттери мындай дейт:
Бул хадиси
шариф, үммөтүмдүн арасында фесат (бузукулук, душмандык) пайда болгондо Ахли
сүннөт вал жамаат итикадында болуп, беш убак намазды жамаат менен окуган адамга
жүз шейиттин сообу берилет дегенди билдирет. (Рийад-ун-насыхин)
Болбосо жаш балдардын башына селде ороп, динибизге каршы мыйзамдардын
чыгарылуусуна себеп болуу сүннөткө жармашуу дегендик эмес. Бул фитна жана арам.
Бидаттар
чыкканда сүннөттү, башкача айтканда, Ислам динин кармангандарга жүз шейиттин
сообу берилет. Анткени, фитна учурунда Ислам динин кармануу капырлар менен
согушуу сыяктуу кыйын болуп калат. (Хадика)
Бул хадиси
шариф Салаф-и Салихиндин доорундагы ыйманды жана Исламдын өкүмдөрүн
кармангандарга жүз шейиттин сообу бериле тургандыгы билдирилүүдө. (С.
Абадиййа)
"Сүннөтүмдү таштаган адамга шапаат кылбайм” хадиси
шарифиндеги сүннөт болсо – Исламият дегендик. Селде, чепкен, сакал сыяктуу
заваид сүннөт эмес. Шейхул-Ислам Ибни Кемал Паша "Шарх-и хадис-и
арбаин” китебинде "Сүннөтүмдү таштаган адамга шапаатым харам
болду” хадиси шарифин түшүндүрүп: "Бул хадиси шарифтеги сүннөт –
Исламият дегендик. Анткени, чоң күнөө кылган момун шапаатка жетет”, - деп
айтууда. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Үммөтүмөн
чоң күнөө кылгандарга шапаат кылам.” [Насаи]
Демек,
фитна учурунда заваид сүннөттөргө, башкача айтканда, селде орогонго, чепкен
кийгенге эмес, итикадын оңдоп, арамдардан сактанып, парздарды орундаганга жүз
шейиттин сообу бериле тургандыгы жогорудагы далилдерден да белгилүү болууда. Ал
эми заваид сүннөттөрдү кылгандардын жүз шейиттин сообун ала тургандыгын
айткандардын жаңылганын бул далилдер айкын көрсөтүп турат.
2-Күфүр
өкүм сүргөн жерде чындыкты айтпай коюу жаиз. Шафииде заалым мусулмандардын
арасында да жаиз болот. Мусулмандар карып жана алсыз болуп турганда Кыяматка
чейин бардык жерде жаиз. Анткени, момун мүмкүн болушунча зыяндан алыс болушу
керек. (Мектубат-и Масумиййа 3/55)
Мусулмандын
мындай учурларда заваид сүннөттөрдү гана эмес, парз болгон ибадаттарын дагы,
мисалы, намаз окуганын, орозо кармаганын сыр сактоосу керек. Анткени,
жумушунан, оокатынан ажырап кала тургандай эле, динге каршы мыйзамдардын
чыгарылуусуна, фитнага да себепкер болуп калат. Бул убалдан кутулуу үчүн
ибадаттарын жашырып, сыр сактоосу керек. Антари менен, селде, чепкен кийип ар
жерде жүрүүсү жаиз болбойт. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Ушундай
бир мезгил келет, азыр араңарда мунафыктар күфүрлөрүн жашырып жүргөндөй [ибадат
кылгансып көрүнгөндөй] эле, ошол кезде да момундар жашынат. [Ибадаттарын
жашыруун кылышат.]” [Ибни Сунни]
Ибадат
жашыруун кылынып жаткандан кийин, сүннөттөрдү жашыруу албетте зарыл.
3-Мудара
ибадат эмес, зыяндардан сактануу үчүн уруксат. Хадиси шарифтерде мындай деп
айтылган:
"Аллаху таала парздарды буюргандай эле, мага мудара кылууну да буюрду.” [Хаким]
"Мудара
кылгандар шейит болуп өлүшөт.” [Дайлами]
Бул хадиси шарифтер да динсиздердин, дин душмандарынын жамандыгынан
сактануу үчүн аларга мудара кылуу зарыл экендиги сыяктуу эле, заваид
сүннөттөрдү да жашыруу керектигин ашкере билдирүүдө.
Динибизде
так санга амал кылуу, оң жактан баштоо заваид сүннөттөрдөн. Англияда жашаган
бир мусулман жолдун сол тарабынан жүрүүсү милдеттүү боло туруп, мен сүннөткө
амал кылам деп, унаасын жолдун оң тарабынан айдаса, жол кырсыгына кабылат,
адамдардын өлүмүнө же жаракат алуусуна себепкер болуп күнөө кылган болот.
Кырсык кылбаса да, кылмыш кылганы үчүн жазасын алат. Жаза алуусу фитна. Фитна
болсо – чоң күнөө. Мен күфүрдүн мыйзамдарына баш ийбейм деп айтуу акылсыздык
болот.
Фитна –
мусулмандарды бөлүп-жаруу, аларды кыйынчылыкка, зыянга жана күнөөгө кабылтуу,
адамдарды көтөрүлүшкө үндөө дегенди билдирет. (Хадика, Тарикат-и
Мухаммадиййа, Барика)
Бул
аныктамага ылайык, бир мусулман заваид сүннөттөрдөн болгон селдени кийип жазага
тартылса же мусулмандарга каршы мыйзам чыгуусуна себепкер болсо, зыянга
кабылткандыктан фитна болот. Же аскерде мен сөзсүз сакал коём деп өжөрлөнүп,
анан кийин буйрукка баш ийбегени үчүн жазага тартылса, фитна болот. Бир хадиси
шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Фитнадан сактангыла! Сөз менен
чыгарылган фитна кылыч менен чыгарылган фитна сыяктуу.” [И. Мажа]
Фитна эмне
экенин билбөө дагы кыяматтын белгиси. Курани каримде фитнанын адам өлтүрүүдөн
жаман экени билдирилген. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:
"Кыямат
жакындаган сайын, түн кирген сайын караңгылык күчөгөндөй фитналар да көбөйөт.
Эртең менен үйүнөн момун болуп чыккан адам кечинде үйүнө капыр болуп кайтып
келет. Кечинде момун болуп туруп түнү ыймандары кетет, капыр абалда таңга
чыгышат. Андай убакта четте калып кеткен адам алдыга атып чыккан адамдан,
отурган адам өйдө турган адамдан, өйдө турган адам баскан адамдан, баскан адам
болсо чуркаган адамдан жакшыраак болгондуктан, үйүңөрдө отургула, фитнага
аралашпагыла! Ал күнү окторуңарды сындыргыла! Куралдарыңарды,
кылычтарыңарды таштагыла! Баарына таттуу тил жана жылуу жүз менен мамиле
кылгыла! Үйүңөрдөн чыкпагыла!” [Абу Давуд]
"Окуялар, фитналар, тафрика жана ихтилафтар пайда
болгондо, катыл [киши өлтүргүч] болуудан
сактанып, мактул [өлтүрүлгөн] боло алсаң бол!” [Абу
Нуайм]
"Фитна учуру үйүңөргө кирген кезде адам алейхиссаламдын, [Маида сүрөсүнүн 28-аятында билдирилгендей]: "Эгер сен мени
өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол сунбайм”, -
деген уулу [Хабил] сыяктуу бол!” [Абу Давуд, Тирмизи]
Аллаху таала да, Расулу да капыр болгон Кабилге "Мен сага колумду
сунбайм” деген Хабилди мактоодо.
"Фитна уйкуда, аны ойготкондорго Аллахтын каргышы
болсун!” [И. Рафии]
Бир
мусулман заваид сүннөттөрдү кылып, фитнага себепкер болсо арам иш кылган болот.
Ал тургай парзды кылуу да фитнага себеп болсо, анда парзды кечиктирүү же таштоо
керек экени билдирилген.
Болгон окуя:
Сакалчан
жахил жана фитначы бир молдо намаз окуган бир офицерге шылдыңдаган
кейипте: "Эмнеге сакал койбойсуң? Же ырыскыңан коркуп жатасыңбы? Аллах
сага башка жерден да ырыскы берет”, - дейт. Офицер: "Мен
ырыскыман коркпойм. Аллаху таала ырыскыга кепил. Мен мекенди, намысты, динди
коргоо үчүн парз болгон илимдерди үйрөнүп жатам, капырлардан, дин жана мекен
душмандарынан үстөм болуу себептерин изилдеп жатам. Дин жана мекен душмандары
келип сенин сакалыңды жулуп албоосу үчүн сакал койгон жокмун”, - дейт.
Көрүнүп
тургандай, фитнадан алыс болуу зарыл болуп турганда, бардык нерсе күнөө жана
фитнага толуп турганда, отко көрүк менен баргандай фитна чыгаруу канчалык
жаңылыш. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Акыр заманда аалым [болуп көрүнгөн] адамдар
фитнага себепкер болушат, жами мечиттер жана хафыздар көбөйөт. Бирок, алардын
арасында бир да [чыныгы] аалым болбойт.” [Абу Нуайм]
Тилекке
каршы фитначылар да өздөрүн сопу жана аалым деп эсептешет.