Суроо: Сахих болуу менен кабыл болуу бирдей эле нерсеби?
ЖООП: Сахих болгон бир ибадат кабыл болбошу мүмкүн.
Мисалы,
уурдап алган чепкен менен намаз окуган адамдын намазы сахих, намаз карызынан
кутулат. Бирок, сообу кемтик болот. Башка бардык күнөөлөр да ушундай. Мисалы,
орозо кармаган адам кечки орозосун ичкилик менен ачса, орозосу сахих болот,
бирок, орозодон пайда болчу чоң сооптордун баарына жете албайт. Хадиси
шарифтерде мындай деп айтылган:
"Арам кийим кийген адамдын ибадаттары кабыл болбойт.” [Беззар]
"Эгер он дирхамдык кийимдин бир дирхамы арам болсо, аны менен окулган намаз
кабыл болбойт.” [И.Ахмед]
"Арам жилбаб [көйнөк] менен окулган
намаз кабыл болбойт.” [Беззар]
"Бир тиштем арам жеген адамдын кырк күндүк жакшы амалы кабыл
болбойт.” [Таберани, Дайлеми]
"Шарап
ичкен адамдын кырк күн намазы кабыл болбойт.” [Хаким, И.Нежжар]
"Зекет
бербеген адамдын намазы кабыл болбойт.” [Таберани]
"Чындыкты
кабыл алууда бут тиреген адамдын парзы да, нафили да кабыл болбойт.” [Хаким]
"Өзүн
каалабаган жамаатка имам болгон адамдын намазы кабыл болбойт.” [Байхаки]
"Чачтарын
төөнүн өркөчүндөй жасап алган аялдын дубасы кабыл болбойт.” [Таберани]
"Качып кеткен кулдун кожоюнуна кайтып келгенче намазы кабыл болбойт.” [Муслим]
"Парз намазынан карызы бар адамдын нафил намазы кабыл болбойт.” [Дуррет-ул фахире, Футух-ул-гайб]
"Бала-бакырасынын
акыларын аткарбаган адамдын намаздары, орозолору кабыл болбойт.” [Муршид-ун-ниса]
"Кызын фасыкка берген адамдын парзы да, нафили да кабыл болбойт.” [Ширъа]
Бул
жердеги кабыл болбойт сөздөрү ахли сүннөт итикадындагы
мусулман үчүн жарактуу болуп, сахих болбойт, текке кетет деген
маанини билдирбейт. Сахих жана ихластуу болгон ар бир ибадаттын сообу болот.
Бирок, күнөөлөр бул соопторду азайтат, күнөөлөрдүн көптүгүнө жараша баарын тең
жок кылышы мүмкүн.
Бидатчынын
ибадаттары да сахих болот. Бирок, кабыл болбойт. Башкача айтканда, эмнеге намаз
окубадың, эмнеге орозо кармабадың дешпейт. Бирок, ибадаттарына жана
кайрымдуулуктарына сооп ала албайт. Бир нече хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Аллаху таала бидатчынын дубасын да, зекетин да, ажылыгын да, намазын
да, садакасын да кабыл албайт. Майдан кыл суургандай динден чыгат.” [Дайлеми]
"Бидатчы
бидатын Аллах ыраазычылыгы үчүн таштамайынча, анын бир да амалы кабыл болбойт.” [Ибни
Нежжар]
"Сахабаларымдын
бирине жаман сөз айткан адамдын парзы да, нафили да кабыл болбойт.” [Таберани]
"Эгер сахабаларыма тил тийгизилсе чындыкты билген адам баарына
айтсын. Күчү жетип туруп чындыкты айтпаган аалымдын бир да ибадаты кабыл
болбойт.” [Абу Нуайм]
Сахих жана кабыл болуу
Суроо: "Дааратсыз намаз сахих болбойт,
бирок, кабыл болот”, - деп айтылууда. Дааратсыз намаз кантип кабыл болмок эле?
ЖООП: Дааратсыз намаз окулбайт.
Атайылап окуу намазды мазактагандык болот. Унутуп калып окуган адамдын жагдайы
бөлөк. Эгер унутуп калып окуп, кийин дааратсыз окуганын эстей албаса, унутуу
кечиримдүү себеп болгондуктан ал намаз кабыл болот. Эгер эстеп калса анда сахих
болбойт, даарат алып, кайра окушу керек.
Адегенде сахих
болуу менен кабыл болуунун эмне экенин ачыктай кетели:
Бир
ибадаттын сахих болуусу – ал ибадаттын жарактуу болуусу үчүн талап кылынган
шарттардын орундалуусу. Мисалы, намаз ибадатынын сахих болуусу үчүн гусул менен
даараттын да сахих болуусу керек. Муну менен бирге эле намаздын парздарын,
важибдерин жана муфситтерин сактоо да керек. Бир ибадаттын бардык шарттары
аткарылса да кабыл болбошу мүмкүн. Бирок, бир ибадаттын кабыл болуусу үчүн ал ибадат
үчүн керектүү бардык шарттарды сактоо да талап кылынат.
Эгер
бир адам дааратсыз намаз окуса, андан кийин дааратсыз экенин түшүнсө ал намазды
кайра окушу парз. Намазы сахих жана кабыл болбосо да дааратсыз окуган намазды
Аллах ыраазычылыгы үчүн окугандыктан ниетинин сообун алат. Пайгамбарыбыз
алейхиссалам: "Момундун ниети амалынан жакшыраак”, - деп
билдирген. (Табарани)
Эгер
бир мусулман чын жүрөктөн ниет кылып, "Тигил тоо алтын болсо жана муктаждарга
таратсам” деп ойлосо, бул чын жүрөктөн кылган ниети үчүн кудум аны тараткандай
сооп ала тургандыгы диний китептерде жазылган. Дааратсыз намаз окуган адам дагы
даараты жок экенин билбегендиктен, чын жүрөктөн кылган ниети үчүн көп сооп
алат. "Эшбах” китебинде айтылат: "Бир ибадатта сооп пайда
болушу үчүн чын жүрөктөн ниет кылуу да шарт. Эгер чын жүрөктөн ниет кылып
орундалган бир ибадат билбей бузулган болсо, сахих болбойт. Бирок, ниет
кылынгандыктан көп сооп пайда болот. Мисалы, бир адамдын даараттуу экенин ойлоп
окуган намазы [кийинчерээк дааратсыз экени билинген болсо] сахих болбойт.
Бирок, ниетине көп сооп берилет. Шарттарына ылайык окулган ар бир намаз сахих. Бирок, рия менен жана
эл көрсүнгө окулган намаздарга сооп берилбейт.”
Шарттарына
ылайык болгон жана парздары орундалган ар бир ибадат сөзсүз сахих болот. Сахих
болгон ибадаттын кабыл болуп же болбой тургандыгын билүү мүмкүн эмес. Мисалы,
бидатчылардын ибадаттары сахих болсо дагы кабыл болбойт. Кабыл болбойт дегени –
сахих болсо дагы сооп пайда болбойт, башкача айтканда, ал ибадатка сооп
берилбейт дегенди билдирет. (Радд-ул-мухтар)
Демек,
дааратсыз намаз сахих болбогондой эле, кабыл да болбойт. Бирок, даараты жок
экенин билбегендиктен чын жүрөктөн кылган ниетинин сообун алат.