Ислам дини » Сүннөт-бидат » Сакал коюу парзбы?




Сакал коюу парзбы?


Азыркы заманда өзгөчө жаштар фитнадан сактануу үчүн сакал койбогону жакшы болот.

Сакал коюу динибизде сүннөт. Сүннөттөр да эки түрдүү болот. Азан, коомат окуу сыяктуу Ислам дининин нышааны, өзгөчөлүгү болгон жана башка диндерде кездешпеген ибадат амалдар "суннати худа” деп аталат. Бул сүннөттөргө чоң маани берүү керек.

Сүннөттүн экинчи түрү болгон "суннати заида” көп жерлерде "суннати заваид” деп да аталат. Расулуллахтын кийген кийимдери, кийим кийүү түрү, тамактануусу, баскан-турганы, жатуусу, көлүккө минүүсү, бир ишти оңдон же солдон баштоосу, чачы, селде оронуу түрү сыяктуу адаттары ушуга жатат. (Хадика)

Расулуллах алейхиссаламдын адаттарына байланыштуу сүннөттөрүн орундоо да чоң мартаба жана чоң сооп. Бирок, аны орундабоо күнөө эмес, ал тургай макрух да эмес. Мисалы, Пайгамбарыбыз төө минчү эле. Төө минбөө күнөө же макрух эмес. Арабдардын каада-салты боюнча ыйык буттарына чейин жеткен узун көйнөк (антари) кийчү. (Ибни Асакир)

Сакал коюу да суннати заида, башкача айтканда, үрп-адаттан болгон сүннөт. Сакал коюу мустахаб болот. Аялдарга окшошуу үчүн сакал кыруу арам болот. Аялдарга окшошууну көздөбөй сулуу көрүнүү, жаш көрүнүү үчүн сакал кыруу макрух болот. Амри маруф кыла алуу үчүн, жумуш жагынан, мамлекеттеги үрп-адатка ылайык же фитнага себеп болбоо, мусулмандарга, Исламга кызмат кыла алуу үчүн, динин, намысын коргоо үчүн сакалын кырынуу жаиз болот. Андыктан, сакал коюу фитнага себеп болсо кырынып жүрүү керек. 

Ушул себептерден улам биздин аймактагы мусулмандар сакал коюп, өзүнө элдин көңүлүн бурбай, парз ибадаттарын кылуу менен алек болушат. Ал эми сектанттар (адашкан топтогулар) бул амалды диндин эң маанилүү амалы катары көрсөтүүгө аракет кылышат да, элдерге жаман көрсөтүп алышат. Ушунун кесепетинен улам элде "сакалчандар”, "хижапчандар” деп адам ажыратуучулук, жектөөчүлүк пайда болду. Бул фитна деп аталат. Ал эми фитна чыгарган адам Тозокто.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш