Суроо: Аят-ал күрсиден мурун же кийин салатан тунжина дубасын окуу эмне үчүн
бидат болот?
ЖООП: Сүннөткө
туура келбегендиктен бидат болот. Тасбихтерди 33 эмес 34 же жакшыраак болот
деген ойдо 43 тартуу бидат болот. Себеби, бул Пайгамбарыбыз алейхиссалам кылган
нерсени өзгөртүү болуп саналат. Башка убактарда каалаганча тасбих тартууңуздун
зыяны жок. Бирок, намаздан кийин 33 тартылат. 30 тартылса дагы бидат болот. 40
тартылса дагы бидат болот. Бир да тартылбаса эч нерсе болбойт, бир гана
сообунан куру калат. Бидат бул диндин ошол маселедеги өкүмүн жактырбоо, кемтик
же ашыкча деп кошумча кылуу жана алып салуу дегенди билдирет.
Ханафилерде намазда манжаны
көтөрүү макрух, харам деген, атүгүл, бидат деген аалымдар бар.
Биз мазхабсыз болбосок
мазхабыбыздын өкүмдөрүн аткарышыбыз керек. Салатан тунжинанын орду ал жер эмес.
Тасбихтер бүтүп, дуба башталганда окулат. Тасбихтерден мурун окуу де
Аятал-курсиден мурун же андан кийин окуу бидат болот. Ал жерде бир эле Салатан
тунжина эмес Раббана атина окулса дагы бидат болот. Анткени,
ал жер дуба жана салваттын орду эмес.
Үч Ихлас окуу Курани каримди
баштан аяк окугандай сооп болот. Бирок, муну парз менен сүннөттүн, сүннөт менен
парздын ортосунда окуу бидат. Же Аятал курсиден мурун же кийин окуу бидат
болот.
Сүннөт менен парздын, парз менен
сүннөттүн ортосунда дуба кылынбайт. Ханафиде дуба кылынса сүннөт таптакыр
окулбагандай болуп калат. Кээ бир аалымдардын айтымында да сообу жок болуп
калат. Ошондуктан, динде кандай билдирилген болсо ошого баш ийүү керек.
Салатан тунжина
дубасын окуу
Суроо: Шафии мазхабында намаздардан кийин тасбих тарта электе жана дуба кыла
электе Салатан тунжина дубасын же башка дубаны окуу жаиз болуп туруп же хадисте
билдирилген болуп туруп, эмне үчүн Ханафиде жаиз эмес? Ханафи бир адам окуса
эмне болмок эле?
ЖООП: Ар бир адам өзүнүн мазхабына баш ийет. Өзүнүн мазхабына карама-каршы болгон
хадиси шарифтер менен да амал кылууга акысы жок. Себеби, диний китептерде
төмөнкүдөй айтылат:
Мужтахид эмес адам каалаган бир
хадис менен амал кыла албайт. Мындай адамдын мужтахиддердин аят жана
хадистерден алып, берген фатвалары менен амал кылуусу керек. (Кафийа)
Бир нече мисал келтирели:
1-Шафиилердин "Фатихасыз
намаз болбойт” хадиси шарифин далил катары алгандыктан, имамдын
артында Фатиханы окуулары парз. "Имамдын окуусу жамаат үчүн жетиштүү
болот” деген хадиси шарифти негиз кылып алган ханафилердин имамдын
артында Фатиханы окуусу тахриман макрух, харамга жакын. Шафиилер Фатиханы
окубаса, ханафилер да окушса өз мазхабдарына баш ийбеген болушат. Имам Раббани
хазреттери өз мазхабына зарылдыксыз баш ийбөөнүн жаиз эмес экендигин билдирет.
2-Шафиилер "Кан
алдыруу дааратты бузбайт” деген хадиси шарифти негиз кылып алышкан,
ханафийлер болсо "Кандын чыгуусу дааратты бузат” деген хадиси
шарифти негиз кылып алышкан. Ханафилердин "Шафииде кандын чыгуусу дааратты
бузбайт” деп даарат албоолору мазхабсыздык болот.
3-Ханафилер "Алдыңкы
авратын кармаган эркек кишинин даараты бузулбайт” деген хадиси
шарифин негиз кылып алышкан. Ал эми маликилер "Алдыңкы авратын кармаган
эркек кишинин даараты бузулат” деген хадиси шарифти негиз кылып
алышкан. Эгер бир малики ханафиде алдынкы авратты кармоо дааратты бузбайт деп
даарат албаса мазхабсыздык кылган болот, окуган намазы сахих болбойт.
4-Ханафи
мазхабында парз менен сүннөт же сүннөт менен парздын ортосунда сүйлөшүү
сүннөттү жараксыз кылбаганы менен, сүннөттүн сообун азайтат. Эсах болгон
кавилде болсо сүннөттү кайра окуу керек. Ар кандай дуба окуу да сүйлөө
сыяктуу. (Дурр-ул-мухтар, Меракыл-фелах Тахтави хашиясы)
Ханафи мазхабындагы бир адам
Шафииде парз менен сүннөттүн ортосунда дуба окуу жаиз деп дуба окуса сүннөттү
кайра окууга тийиш. (Ибни Абидин)
5-Ханафиде кыямда буттар төрт манжа ачылат, ал эми Шафииде бир карыш ачылат.
Бир Ханафи адам Шафииде көп ачылууда деп ачса сүннөткө каршы иш кылган болот.
Устаты Шафии болгон Ханафилердин да өз мазхабына баш ийүүлөрү керек. Шафии
устаттары буттарын көп ачууда деп көп ачуулары, устаттары намаздан кийин эле
Салатан тунжина окууда деп алардын да окуулары жаиз болбойт.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи
васаллам) ырайым болушу үчүн ар кандай өкүмдөрдү билдиргендей эле, "Үммөтүмдүн
аалымдарынын ар кандай ижтихаддары ырайым”, – деп айткан. Ушул
себептен мазхабдар ырайым болгон.