Суроо: Кандайдыр бир нерсени таптакыр кылбай койгондон көрө бир бөлүгүн
болсо дагы кылуу керек. Мисалы, сүннөткө ылайык сакал коё албаган адамдын
кирдүү сакал же топ сакал коюусу жакшыраак болот”, - деп айтылып жүрөт.
Сүннөткө туура келбеген сакалды жакшы деп айтууга болобу?
ЖООП: Жакшы деп
айтууга болбойт. Сүннөткө туура келбеген сакалды сүннөт ниети менен коюу бидат
болот. Бидат иш кылуу чоң күнөө. Күнөөгө жакшы деп айтуу коркунучтуу. Сүннөттү
өзгөртүү таптакыр кылбай коюуга караганда жаманыраак. Анткени, сүннөттү
өзгөртүү – сүннөттү жактырбоо болуп саналат. Сүннөттү жактырбай өзгөртүү күфүр
болот. "Бул буйрук ылайыктуу эмес, эгер баланча көрүнүштө болгондо
ылайыктуураак болмок” деген маанини билдирип калат.
Эгер атайылап багымдаттын
парзы үч, шамдын парзы эки рекет кылып окулса намаз таптакыр сахих болбойт.
Орозону башка айда кармоо, ажылыкты башка мезгилде аткаруу динди өзгөртүү болуп
саналат жана таптакыр сахих болбойт. Эгер максат намаз окуу деп, убакыттары
кире электе бардык намаздар окула турган болсо сахих болбойт. "Эгер максат
намаз болсо баары окулду” деп айтуу туура болбойт. Анткени, бул окулган намаз
болгон жок. Ажылыкка өз мезгилинде эмес каалаган башка бир мезгилде барылса
ажылык сахих болбойт. "Эгерде максат Каабаны зыярат кылуу болсо зыярат ишке
ашты” деп айтуу да ушундай туура болбойт. Анткени, ажылык орундалган жок.
Буйрук кылынган убакта жана буйрук кылынган тартипте орундоо керек эле.
Сакал да ушундай. Расулуллах
(саллаллаху алейхи васаллам) буюргандай бир ууч өстүрбөстөн сүннөт катары
кирдүү сакал өстүрүү же топ сакал сыяктуу дагы башка көрүнүштөрдө өстүрүү
сүннөттү өзгөртүүгө жатат. Эгерде сүннөт катары кылынса бидат жана харам болот.
Эгер сүннөт жактырылбагандыктан ушундай кылынып жатса, анда күфүр болот. Сүннөт
катары эмес салт катары коюлса макрух болот. Көрүнүп тургандай, ниетке жараша
өзгөрөт.
Баланы дарыканага жиберсек, "Ич
өткөккө каршы дары алып кел!” – десек, ал болсо ич өткөктүн алдын алуучу дарыны
алып келсе же биз ич өткөктүн алдын алуучу дары сурасак, ал болсо ич өткөккө
каршы дары алып келсе, андан эмне үчүн ушундай кылганы суралганда, "Таптакыр
алып келбөөгө караганда жакшыраак” деп айтуусуна окшош. Даараткана кагазынын
ордуна кум кагаз алып келген балага: "Ал дагы кагаз, бул дагы кагаз, эмне
айырмасы бар, таптакыр алып келбегенден көрө жакшыраак”, - деп айтылса
кечирилмек беле?
Эгер кимдир бирөөгө: "Менин
саламымды айт, "Шифа” дарыканасынан бир аспирин ала кел!” – деп айтылса, ал
болсо жакыныраак жайгашкан "Хаят” дарыканасына барып, андан жакшыраак болгон
англис аспирининен ала келсе жакшыраак иш кылган болуп саналбайт. "Шифа” дарыканасынан
алып келүү буйрукту берген адамдын каалоосу. Башка дарыканадан алып келүү ал
адамдын каалоосу. Ал өзүнүн каалоосун аткарган болду. Ошол дарыканадан сатып
алуунун биз билбеген себеби же сыры болушу мүмкүн. Эгер бир гана "Аспирин алып
кел!” деп айтылганда, ал өзү каалаган дарыканадан сатып ала алмак. Бирок, атын
атап "Шифа дарыканасынан алып кел!” – дегенде буйрукка баш ийүү үчүн ошол
дарыканадан алып келүү керек болчу. "Ал да дарыкана, бул да дарыканана, эмне
айырмасы бар?” деп айтуу менен берилген буйрук өзгөртүлгөн болду. Бир жагынан
болсо "Шифа дарыканасы деп айтуунун кереги жок эле” деп айтуу аркылуу буйрук
берген адамды жахилдик менен күнөөлөгөн болууда.
Буйрукка баш ийүү – буйрукту
билдирилген убакта жана талап кылынган өлчөмдө аткаруу аркылуу гана болот. Бир
буйруктун ашыгы да, азы да туура эмес болушу мүмкүн. Кээде жумушту белгиленген
убакта аткаруу маанилүү. Андан эртерээк же кечирээк аткарылуусу зыяндуу болушу
мүмкүн. Биз үчүн жакшыраак деп эсептелген форма буйрукту берген адам үчүн туура
эмес болушу мүмкүн. Муну да буйрук берген адам гана билет. Биздин милдет –
буйрукту так аткаруу. Андан да жакшыраагын аткаруу үчүн кечиктирүү же айрым
толуктоолорду киргизүү да туура эмес болуп калат.
Мунун баары көрсөтүп тургандай,
динде билдирилген нерсеге толуктоо киргизүү же кемитүү динди өзгөртүү дегенди
билдирет. Динди өзгөрткөн адам болсо Аллаху тааланын буйругуна баш ийбеген
болот.