Жаиз


"Жаиз" деген сөз сүйлөмдө колдонулган ордуна байланыштуу ар түрдүү маанини билдирет:

1 – "Жаиз" көбүнчө уруксат берилген, күнөө эмес деген маанилерди билдирет. Бирок, бул жаиз делген нерсени кылбоо абзел болот.

2 – Кылуу өтө жакшы дегенди билдирет.

3 – Кылуу танзихан макрух дегенди билдирет.

4 – Кылуу тахриман макрух дегенди билдирет.

5 – Кылуу мубах деген сөз.

6 – Кылуу важиб дегенди билдирет.

7- Кылуу күнөө дегенди билдирет.

Эми буларга бир нече мисал келтирели:

1 – "Жамаат менен намаз окугандан кийин дубаны күтпөй чыгып кетүү жаиз”, - деп айтылат. Күнөө эмес, чыгып кетүүгө болот, бирок, чыкпай дубаны күтүү андан да жакшыраак болот деген сөз.

"Курани каримди дааратсыз жатка окуу жаиз” деген да ушундай. Күнөө эмес, бирок, даарат менен окуу андан да жакшыраак болуп саналат.

2 – "Намазда руку жана сажда тасбихтерин үчтөн артык (5, 7, 9, 11 сыяктуу) окуу жаиз” деген өтө жакшы болот, мустахаб болот дегенди билдирет.

"Даараты бузулбаса дагы ар намаз үчүн даараттын үстүнө даарат алуу жаиз” деген да жакшы болот дегенди билдирет. "Жума намазында имамдын сахв саждасын кылбоосу жаиз болот” деген да ушундай.

3 – "Шарап жасаган адамга жүзүм сатуу жаиз” деген бул танзихан макрух, бир зарылдык болмоюнча мындай кылбаган жакшы болот, андай кылса күнөө болбойт дегенди билдирет. "Күндүн астында ысыган суу менен даарат алуу жаиз, бирок, танзихан макрух” деген да ушундай.

4 – "Христиан аялга үйлөнүү жаиз” деген болсо эгер аял "зымми” болсо, танзихан макрух, "харби” болсо, тахриман макрух деген сөз.

(Халифалык доорунда Ислам мамлекетинде жашап жизйа жана хараж деп аталган салык төлөп турган капыр жарандар зымми деп аталган. Ал эми өз мамлекетинде жашап, ислам мамлекетине көз каранды болбогон капырлар харби капыр деп аталган.)

5 – "Пахтадан тигилген көйнөк кийүү жаиз” деген сөз мындай кылуунун же кылбоонун эч кандай зыяны жок дегенди билдирет.

Мындай мубах амалдар ниетке карай жакшы же жаман болуп өзгөрөт. Мисалы, аялдардын жасануусу жаиз. Күйөөсү үчүн жасануу жакшы болот. Чоочун эркектер үчүн жасануу жаиз болбойт.

6 – "Оорууга байланыштуу жарадан кан, ириң токтоосуз ага турган адамдардын, заарасын кармай албаган адамдардын даарат жана намаздарынын бузулбашы үчүн Малики мазхабын таклид кылуусу жаиз” деген сөз жасалуусу керек дегенди билдирет. "Аял парик тагып көчөгө чыга албайт. Бирок, эркектерин арасында башын ачып жүрүүгө мажбур болгон жагдайда парик кийип башын жабуусу жаиз болот” деген сөз да башын ачып жүрүү күнөө болот, парик кийүү шарт дегенди билдирет.

7 – "Атанын мал-мүлкүнүн баарын бир баласына белек кылып берүүсү жаиз болот” деген сөз белекти алган балага мунун эч кандай зыяны жок, бирок, балдарынын арасынан ошол баласын өзгөчөлөнткөнү үчүн атага күнөө болот деген сөз.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш