Мужтахид


Ижтихад даражасына, тактап айтканда, Курани карим, хадиси шариф жана башка диний далилдерден дагы (Курани карим, хадиси шариф, ижма, кыястардан) өкүм чыгара алуу даражасына жеткен улуу дин аалымы. Бардык ислам илимдеринде жана өз доорунун дүнүйөлүк илимдеринде өтө билимдүү аалым.

"Ижтихадында жаңылган мужтахидге бир сооп, жаңылбай туура тапканга эки же он сооп берилет. Эки сооптун биринчиси ижтихад кылуу (Курани карим жана хадиси шарифтерден өкүм чыгаруу) сообу, экинчиси туура тапканы үчүн бериле турган сооп.” (Хадиси шариф - Хадика)

Ижтихад кылуу даражасына жеткен аалымдар өздөрүнүн ижтихаддары (Курани карим жана хадиси шарифтерден чыгарган өкүмдөрү) боюнча амал кылуулары зарыл. Башка мужтахиддердин ижтихаддары боюнча амал кылуулары жаиз эмес. Ижтихад кылуу – ибадат, тактап айтканда, Аллаху тааланын буйругу болгондуктан эч бир мужтахид башка мужтахиддин ижтихадын жаңылыш деп айткан эмес. (Ибн Нужайм)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш