мунафык


Аллахка ишенбесе дагы мусулмандарды алдоо үчүн өзүн ишенген кылып көрсөтүүчү (эки жүздүү) адам.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген: "Эй, Мунафыктар! Аллаху таала силерди ушул бойдон калтырбайт. Чыныгы момундарды мунафыктардан ажыратат.” (Али Имран сүрөсү 179)

"Төрт нерсе мунафыктыктын белгиси: Аманатка кыянат кылуу, жалган сүйлөө, убадасын аткарбоо жана сотто жалган сүйлөө.” (Хадиси шариф - Бухари)

"Мунафык – эки үйүрдүн ортосунда калган кой сыяктуу, ал бир жолу бул үйүргө экинчи жолу аркы үйүргө кошулат.” (Хадиси шариф – Сулукул - Улама)

"Эй, Аллахым! Мен мунафыктыктан, уруш-талаштардан жана жаман кулк-мүнөздөн сага сыйынамын.” (Хадиси шариф – Сулукул - Улама)

Мунафыктыктын үч белгиси бар: жалгыз калганда жалкоо болот, жанында бирөө бар кезде өзүн эмгекчил кылып көрсөтөт жана бардык иштеринде макталууну абдан жактырат. (Вахб бин Мунаббих)

Мечитке кирген мунафыктар капастын ичиндеги торгойлорго окшойт. Капастын эшиги ачылган замат дароо учуп кетишет. (Имам Малик)

Мунафыктар Ислам дини тууралуу айтышат, бирок, өздөрү айткандарына ылайык амал кылышпайт. (Хузайфатул-Йамани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш