Нафака


Адамдын жашоо тиричилиги үчүн керектүү азык-түлүк, кийим-кече жана үй сыяктуу өтө зарыл заттар.

"Ар бир мусулман өзүнүн үй-бүлөсүнө Аллаху тааладан үмүт кылып инфак (нафакасын, керектөөлөрүн камсыз) кылса, бул нафака ал үчүн садага болот.” (Хадиси шариф – Сахихи Бухари)

"Дин жолунда согушуу үчүн, кулду азат кылуу үчүн, кедейге садага берүү үчүн жана үй-бүлөсүнүн нафакасы үчүн жумшалган алтындардын эң жакшысы жана сообу көп болгону үй-бүлөсүнүн нафакасы үчүн берилген алтындын сообу болуп саналат.” (Хадиси шариф – Кимия-и Саадат)

"Фарздарды орундай албай тургандай өлчөмдө аз тамак жеш жаиз эмес. Өзүнүн жана бала-бакырасынын нафакасын (тамак-ашын, кийимин, турак жайын) камсыз кыла тургандай жана карыздарын төлөй ала тургандай өлчөмдө эмгек кылуу фарз.” (Абдуллах Мусули)

"Аллаху таала кулдарына өтө мээримдүү болгондуктан баарынын ырыскысын, нафакасын Өзүнө жүктөгөн. Аллаху таала кулдарынан бир канча адамдын ырыскыларын, нафакаларын камсыз кылуу жана алардын өсүп-жетилүүсү жана ырахат жашоосу үчүн бир кулун милдеттүү кылса, ал кулуна чоң ихсан (жакшылык) кылган болот.” (Имам Раббани)

"Аялынын нафакасын мол берүү зарыл. Бирок, ысырап да кылбаш керек. Аялынын нафакасы үчүн берилген акчанын сообу садага сообунан да көбүрөөк.” (Имам Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш