Нимат


Жакшылык, ырыскы, бакыт-таалай.

Аллаху таала Курани каримде мындай деген:

"Ар ниматтын шүгүрү жөнүндө, албетте, сураласыңар.” (Такасур сүрөсү 8)

"Аллаху таала бир кулуна нимат бергенде ал ниматтын белгисин ошол кулдун үстүндө көргүсү келет.” (Хадиси шариф - Табарани)

"Бир мусулманда үч нерсе болсо Аллаху таала аны коргойт жана камкордугуна алат. Аны жакшы көрөт жана мээримдүүлүк көрсөтөт. Булар: ниматка шүгүр кылуу, заалымды кечирүү, ачууланганда ачуусун жеңүү.” (Хадиси шариф - Барика)

"Көбүнчө молдук жана ниматтардын ичинде жашаган адамдар ошол ниматтар колунан кетмейинче алардын баркын жана кадырын түшүнбөйт.” (Али Хаввас Барлиси)

"Ниматтардын негизгиси – үч нимат. Биринчиси – бүткүл жакшылыктарды камтыган Ислам ниматы. Экинчиси – жашоонун негизи болгон ден-соолук жана амандык ниматы. Үчүнчүсү – адамга пайдалуу болгон (жолдон чыгарбаган) байлык.” (Абу Юсуф)

"Адам үчүн чачын жана сакалын ыйман менен жана ибадат менен агартуу кандай чоң нимат!

Нимат канчалык көп болсо шүгүр кылуу зарылдыгы да ошончо көп болот. Байлардын байлыгынын даражасы боюнча кедейлерге караганда көп шүгүр кылуулары зарыл.” (Имам Раббани)

"Кыйынчылыктарга сабыр кылбаган адамда ыраазычылык, ниматтарга шүгүр кылбаган адамда кемел жок. Аллаху таалага ант берейин, арифтер (Аллахтын сүйүктүү кулдары) Аллаху тааланы жакшы көрүү, тагдырына ыраазы болуу (Аллаху тааладан келгендерге ыраазы болуу) жана берген ниматтарына шүгүр кылуу аркылуу максаттарына жеткен.” (Абу Али Сакафи)

"Ниматтардын эң жакшысы – эмгек кылып табылган табыш.” (Абул Хасан Харкани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш