Салих


Жакшы, диндар адам. Дүнүйөгө маани бербеген, акыйдасы (ишеними) дурус, Аллаху тааланын ыраазылыгына, махабатына жетүүгө аракет кылуучу мусулман.

Аллаху таала Курани каримде: "Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип: "Эй, Раббим! Мени жакын мөөнөткө чейин кечиктирсең садаг берсем жана салихтерден болсом” деп айтуудан мурдасилерге Аллах берген ырыскылардан (Аллах жолунда) садага кылып жумшагыла”, - делген. (Мунафикун сүрөсү 10)

"Салих кулдарым үчүн Бейиште эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган, эч бир адамдын оюуна да келбеген түрлүү ниматтарды даярдап койдум.” (Хадиси кудси – Ат-Таргиб ват-Тархиб)

"Үммөтүмүн ичиндеги салихтердин Бейишке кирүүлөрү окуган намаздары жана кармаган орозолору менен эмес. Алардын Бейишке кирүүлөрү жоомарттыктары, көңүлдөрүндө мусулмандарга карата кек сактабоолору жана мусулмандарга айткан насааттарынын себеби менен болот.” (Хадиси шариф – Дара Кутни)

"Салихтер менен сухбатта бирге болгула. Алар - дүнүйөнүн казыналары. Алар менен бирге болуу – түбөлүк бакыттын ачкычы.” (Жафар Хулди)

"Кимде-ким бейиштиктерден болууну кааласа салих адамдар менен бирге болсун.” (Харис ал-Мухасиби)

"Салихтердин кызматында болгон адамдын даражасы көтөрүлөт. Аллаху таала салихтерди урмат кылуудан өзүн куру калтырган адамды адамдардан келе турчу кыйынчылыктарга дуушар кылат.” (Абу Мидйан Магриби)

"Аллахым! Каалоолорубуздун төмөндүгүнөн жана жамандыгынан, амалдарыбыздын кемчиликтеринен, ажалыбыздын жакындашынан, салих кулдарыңдын арабыздан кетүүсүнөн сага сыйынабыз. (Абдуллах бин Галиб)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш