Ачыктан ачык (элдердин көзүнчө) күнөө кылуудан
тартынбаган, каршы чыгуучу, күнөөкөр момун.
"Фасыктын чектен чыгуусуна тоскоол
болууга күчү жетип туруп эч ким тоскоол болбосо Аллаху таала булардын бардыгына
дүнүйөдө жана акыретте азап берет.” (Хадиси шариф - Барика)
"Фасык макталган кезде Раббибиз
ачууланат.” (Хадиси
шариф – Байхаки, Ибн Ади)
"Кызын фасыкка берген адам
малун.” (Хадиси
шариф - Заважир)
Үйрөнүү фарз жана важиб болгон фыкх (дин)
илимдерин үйрөнбөө фасыктык, б.а., күнөө болуп саналат. Фасыктардын күбөлүгү
кабыл кылынбагандыктан күбөлөргө нааразычылык болгондо сот төрагасы күбөлөрдөн
фыкх илиминен сурайт. (Ибн Абидин)
Фасыктын, бидатчынын (ишеними бузук адамдын)
үйүнө, чакырган дасторконуна жалгыз зарурат (зарылдык, мажбур болгон) жагдайда
же бирөөнүн жумушун бүтүрүп берүү үчүн гана барууга болот. (Имам
Газали)