Фитна


Иритки, бүлүк, баш аламандык, адамды хак жана акыйкаттан адаштыра турган нерсе. Адамдарды кыйын жагдайга, балээлерге дуушар кылуучу, мусулмандардын зыян көрүүсүнө себеп болуучу иш. Душмандыкка себеп болуучу нерсе.

Курани каримде мындай деп билдирилди:

"...Фитна адам өлтүрүүдөн да жаман...” (Бакара сүрөсү 191)

"Кыямат башталардан мурун бардык жерди фитна каптайт. Фитналардын зулумдугу айлана тегеректи караңгы түндөй кылат. Ошол заманда үйүнөн мусулман болуп чыккан адам кечинде капыр болуп кайтат. Кечинде мусулман болуп үйүнө келген адам эртең менен капыр болуп чыгат. Ал заманда отуруу туруудан жакшыраак. Басуу чуркоодон жакшыраак болот.” (Хадиси шариф – Муснад-и Ахмед ибн Ханбал)

"Фитна уйкуда. Ойготкон адамга Аллах лаанат кылсын!” (Хадиси шариф - Барика)

"Заманыбыз фитна заманы жана фитналар дүйнөнү каптаганы жатат.” (Имам Раббани)

"Фитна чыгарган аалымдан жана жахил (сабатсыз) абидден (көп ибадат кылуучу) сактангыла. Алардын абалына көңүлүн берген адам үчүн дагы фитна болот жана өтө кооптуу. (Имам Шаби)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш