Хижрат


Бир жерден башка жерге көчүү.

1-Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) Меккеден Мединага көчүүсү. Элүү үч жашында Аллаху тааланын уруксаты менен Мединага хижрат кылды. Сафер айынын жыйырма жетинчи Бейшемби күнү таң эрте үйүнөн чыгып, түштөн кийин Абу Бакр Сыддыктын үйүнө келди. Бираздан кийин биргеликте чыгып, Севр тоосундагы үңкүргө келишти. Бул тоонун жолу абдан бузук эле. Мубарек буттары канады. Үңкүрдө үч түн калышып, Дүйшөмбү түнү жолго чыгышты. Бир апталык жолчулук менен Сентябр айынын жыйырманчы жана Рабиул Аввалдын сегизинчи Дүйшөмбү күнү Мединада Куба айылына келишти. Рабиул Аввалдын он эктинчи Жума күнү Мединага келишти. (Ахмед Жавдат Паша - Касталани)

2-Мусулман бир адамдын динин коргоо үчүн мусулман эмес мамлекеттен мусулман мамлекетке көчүүсү.

«(Башаламандык) фитна заманында кылынган ибадат менин жаныма (Меккеден Мединага) хижрат кылуу сыяктуу». (Хадиси шариф - Муслим)

«Мына мен да динимди коргоо үчүн Аллаху жолунда хижрат кылуудамын. Аялын жесир, балдарын жетим калтыргысы, энесин ыйлаткысы келген киши бар болсо алдыма чыксын.» (Хазрети Омар)

Мусулман болбогон мамлекетте ыйманга келген адамдын мусулман мамлекетке көчүүсү важиб болот. (Ибн Абидин)

Динин коргоо үчүн хижрат кылган Жаннат менен сүйүнчүлөндү. Бир маалада салих, ариф адам калбай, күнөө иштер жана бидат көбөйгөндө башка маалага хижрат кылуу же ушундай шаардан башка шаарга хижрат кылуу важиб болот. (Исмаил Хаккы Бурсави)

Хижрат кылуу мүмкүн болсо да өкмөттүн кыйноосу күнөө кылуу үчүн кечиримдүү себеп болбойт. Хижрат кылуу мүмкүн болбосо бир четке обочолонуп, эч кимге аралашпоо керек. (Сеййид Ализада)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш