Хутба


Хутаба, нутук, вааз, китептин алгы сөзү.

Жума жана Айт намаздарында бардык адамдарга тийиштүү тарабы болгон бүткүл иштерден мурда, мисалы, согуштан, нике кыйылуудан мурда жана жамгыр дубасына чыгып жатканда ибадат максаты менен окулган дуба жана насаат болуп саналат.

Ибадат – бул буйруктарды орундоо. Курани каримди, хутбаны окуу – ибадат. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Жума жана майрамда хутбаны кыска окуу – сүннөт. (Тахтави)

Хутбада төрт улуу халифанын (хазрети Абу Бакр, Омар, Осман, Али радыйаллаху анхум) аттарын бийик үн менен айтуу Ахли сүннөт (туура жолдо) болуунун белгиси. (Ахмед Фаруки)

Хутба окулуп жатканда орун алмаштыруу, жанындагыларга ыңгайсыздык берүү арам.

Хазрети Омардын бир хутбасы мындай:

Эй, адамдар! Курани каримди үйрөнгүлө. Аны менен амал кылгыла (буйрук жана тыюуларына уйгула) (Ибн Абди Раббих)

Омар бин Абдулазиздин (рахметуллахи алейх) биринчи хутбасы:

Эй, адамдар! Ичиңерди (көңүлүңөрдү) оңдогула, сыртыңар да (иштериңер да) оңолсун. Акыретиңерди жакшы кылгыла, ошентип дүнүйөңөр да жакшы болсун. (Ибн Абди Раббих)

Кудустун алынуусунда улуу аалым Ибн Зекинин хутбасы мындай болгон:

Эй, жамаат! Аллаху тааланын динине жардам бергиле. Бул жолдо кылынган кызматты мүмкүндүк деп билгиле. Ушуну да жакшы билгиле, иштер натыйжасына карап бааланат. Аллаху таала буйруктарына жана тыюу салган нерселерине моюн сунууда бизге жана силерге жардам кылсын. Аллаху таала силерге жардам кылса силерди ким жеңе алат. Эгер силерге жардам кылбай, жалгыз таштаса силерге жардамга башка кимдин күчү жетет?! (Ибн Ражаб)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш