Ислам дини » Терминдер » Хызыр алейхиссалам




Хызыр алейхиссалам


Ибрахим алейхиссаламдан кийин жашап өткөн бир пайгамбар же олуя болуп саналат. Зулкарнайн алейхиссаламдын аскеринин башчысы жана таежесинин уулу. Муса алейхиссалам менен көрүшүп жолчулук кылды. Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнөн эмес. Бирок, кайтыш болгондон кийин руху адам келбетинде көрүнүп чарасыз калгандарга жардам берүүдө. Муса алейхиссалам менен жолугушуулары жана бирге жолчулук кылуулары Курани каримдин Кахф сүрөсүнүн 60-82-аяттарында билдирилген.

Абуд-Дарда (радыйаллаху анх) бир күнү Меккеде бир тоонун үстүнө чыкты. Ал жерде баскан-турганы салихтерге окшогон бирөөнү көрдү. Жанына барып: «Мага насаат кыл», - деди. Ал: «Насаат катары өлүм сага жетиштүү», - деди. Абуд-Дарда: «Дагы көбүрөөк насаат кылыңыз», - дегенде: «Кайгы кам десең кире турчу көрдү ойлоо жетиштүү», - деди. Ошондо Абуд-Дарда (радыйаллаху анх) Расулуллахтын жанына келип бул тууралуу айтты. Пайгамбарыбыз: «Ал зат бурадарым Хызыр эле», - деди. (Мавлана Абдуррахман Жами)

Аалымдардын көбү Хызыр алейхиссаламдын өлгөндүгүн билдиришти. Эгер тирүү болгондо Пайгамбарыбызга келип, бирге Жума намазын окуп, анын сукбаттарында жана согуштарында орун алмак. (Мухаммед Масум Фаруки)

Абдулхалык Гонждувани хазиретине ла илаха иллаллах зикирин Хызыр алейхиссалам көлмөдө үйрөттү. (Ваиз Кашифи)

Бир күнү таң маалында жыйналган элек. Илияс алейхиссалам менен Хызыр алейхиссалам руханий келбетте келишти. Хызыр алейхиссалам мындай деди: «Биз рух ааламындабыз. Аллаху таала биздин рухтарыбызга ушундай кубат берген, адам келбетине да киребиз. Адамдар кылган иштерди биздин рухтарыбыз да кылышат. Адамдар сыяктуу басабыз, турабыз, ибадат кылабыз.» (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш