Кыямат күнү Аллаху тааланын уруксаты менен башта
Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи ва саллам болуп, калган пайгамбарлар, аалымдар,
шейиттер, салихтер (жакшы адамдар) жана кичине жашта өлгөн мусулман балдары
жана Аллаху таала уруксат бергендер күнөөкөр момундардын күнөөлөрүнүн
кечирилүүсү, жаннаттык болгондордун дагы Жаннаттагы даражаларынын көтөрүлүүсү
үчүн Аллаху тааладан каалоолору, бул жагынан себепчи болуулары шапаат кылуу
болуп саналат.
Аллаху таала аяти карималарда мындай мааниде
буюрган:
«Ал күнү Аллаху таала шапаат кылууга
уруксат берген жана сөзүнөн ыраазы болгондордон башкалардын шапааты пайда
бербейт.» (Таха
сүрөсү: 109)
«Үммөтүмөн чоң күнөөсү болгондорго шапаат
кылам.» (Хадиси шариф –
Муснад-и Ахмед бин Ханбал)
«Шапаатыма ишенбеген ага жете албайт.» (Хадиси шариф – Ширатул Ислам)
«Кыямат күнү пайгамбарлар, кийин аалымдар,
кийин шейиттер шапаат кылышат.» (Хадиси шариф - Ихйа)
Шапаат хак. Тообосуз өлгөн момундардын кичине жана
чоң күнөөлөрдүн кечирилүүсү үчүн пайгамбарлар, олуялар, салихтер, периштелер
жана Аллаху таала уруксат бергендер шапаат кылышат жана кабыл кылынат. (Мавлана
Халид Багдади)
Кичине балдар энесине жана атасына шапаат кылышат.
Жада калса, боюнан түшүп калгандар дагы энесине жана атасына шапаат кылышат.
(Имам Биргиви)
Махшарда (кыяматта бүткүл адамдардын жыйналып,
эсепке тартыла турчу жерде) шапаат бер түрдүү болот:
Биринчиси: Кыямат күнү махшарда адамдын көптүгүнөн, көп
күтүүдөн чарчаган күнөөлүлөр ызы-чуу салышып, тезирээк эсептин башталуусун
каалашат. Эсептин тезирээк башталуусу үчүн шапаат кылынат.
Экинчиси: Сурактын, эсепке тартуунун оңой жана тез болуусу
үчүн шапаат кылынат.
Үчүнчүсү: Күнөөсү бар мусулмандардын Сыраттан Тозокко
кулабоосу, Жаханнам азабынан коргонуулары үчүн шапаат кылынат.
Төртүнчүсү: Күнөөсү көп мусулмандардын Жаханнамдан
чыгарылуулары үчүн шапаат кылынат.
Бешинчиси: Бейиште чексиз ниматтар берилип, түбөлүк кала
турган жер болсо да, ал жердеги лаззаттар бөлөк-бөлөк сегиз даражада
болот. Ар бир кишинин даражасы, орду, ыйманы жана амалдарынын
санына байланыштуу болот. Бейиштегилердин даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн дагы
шапаат кылынат. (Мавлана Халид
Багдади)
Пайгамбарыбыздын көркөм мүнөздөрү өтө көп. Ар бир
мусулман буларды үйрөнүүсү жана ушул сыяктуу мүнөзгө ээ болуусу керек. Мына
ушундайча дүнүйөдө жана акыретте жамандыктардан, кыйынчылыктардан кутулуу жана
Ошол эки дүйнө мырзасынын шапаатына жетүү насип болот. (Мухаммед Ребхами)
Пайгамбарлардын акыркысы Расулуллах алейхиссалам
сыяктуу бир шапаатчы болбогондо бул үммөттүн күнөөлөрү өздөрүн курутушмак.
Шапаатка эң көп муктаж болгон - бул үммөт. Себеби, бул үммөттүн күнөөлөрү көп.
Бирок, Аллаху тааланын кечирими жана мээрими да чексиз. Аллаху таала бул
үммөткө кечиримин жана мээримин көп чачат, өткөн үммөттөрдүн эч бирине мындай
мээримдүүлүк кылгандыгы билинбөөдө. Токсон тогуз рахматын ушул күнөөкөр
үммөтүнө бөлгөн сыяктуу. (Имам Раббани)
Шафаат-ы Кубра (Шафаат-ы узма): Кыяматта ошол күндүн чыдагыс
коркунучу жана катуу кыйынчылыктарынан улам адамдардын тилөөлөрү менен
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) алардын эсепке тартылуусунун
эртерээк кылынуусу үчүн Аллаху таалага жалбаруусу. Натыйжада Пайгамбарыбыздын
бул тилеги кабыл кылынат. Ал күнү ар ким өз башынын чарасын издөө менен алек
болот. Ал күнү Пайгамбарыбыз: «Үммөтүмө саламаттык жана нажат (кутулуу) бере
көр йа Рабби», - дейт жана үммөтүн тилейт.