Бир адамдын
мал-мүлкүнө же бала-чакасына байланыштуу иштерди көзөмөлдөө үчүн дайындаган
кишиси.
Өлүм оорусунда
жаткан адам баласына калтыра турчу мал-мүлктү бул баланын муктаждыктарына
сарптоосу үчүн бир адамды васи кылып дайындаса бала акыл жана балакатка
жеткенде рашид экендиги (б.а., мал-мүлкүн динге жана акылга ылайык
колдонгондугу көрүнмөйүнчө) васи болуп дайындалган адамдан мал-мүктөрдү ала
албайт. (Ибни Абидин)
Ишеничтүү
болбогон, ачыктан ачык күнөө иш кылган же мусулман эмес жаран васи кылына
турган болсо казы (сот) буларды өзгөртөт. (Кадыхан)
Васи муктаж
болгондо жетимдин мал-мүлкүнөн жей алат. Эч кимге бере албайт. Зыян берип жок
кыла турган болсо бул василик милдетинен четтетилет. (Кадыхан)