Акыйда


Акаид, итикад, ишеним, Ислам дининдеги ишениле турган нерселер, ыйман илимдери дегенди билдирет. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) Аллаху тааладан бүткүл адамзатка алып келген жана билдиргендеринин бардыгын көңүл менен тастыктап, кабылдап, ишенүү деген сөз.

         Аллаху тааланын бар жана бир экендигине, периштелерине, жиберген китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырга, кыяматка, жиндер менен периштелердин бар экендигине, Адам алейхиссалам бардык адамзаттын атасы экендигине жана алгачкы пайгамбар экендигине ишенүү бир гана көңүл менен болот. Булар акыйда илимдери. (Кутбиддин Изники)

         Мусулмандардын биринчи милдети акыйдасын оңдоп, ахли сүннөт вал жамаат аалымдарынын билдиргендерине ылайык ишенүү. Экинчиден фикх (Исламдын буйрук жана тыюларына байланыштуу) илимдерин үйрөнүп жана бардык нерсени ушул илимдерге ылайык аткаруу. (Мавлана Халид Багдади)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш