Хижрий


Расулуллахтын (саллаллаху алейхи ва саллам) хижраты менен башталган хижрий камерий же хижрий шамсий календарга карата билдирилген убакыт.

Хижрий камерий Календар: Пайгамбарыбыздын Мединага хижрат кылган жылдын Мухаррам айынын биринчи күнүн башталгыч деп алган жана асмандагы айдын жер айланасында он эки жолу айлануусу менен бир жылды толуктаган календар.

Хижрий шамсий Календар: Расулуллахтын Мединага хижраты учурунда Куба айылына бут баскан Рабиул Аввал айынын сегизинчи Дүйшөмбү күнүнө туура келген миладий Сентябрь айынын жыйырманчы күнүн башталыш жана күн жылын негиз деп алган календар.

Расулуллахка кырк жашында Пайгамбар экендиги билдирилди. Камерий жыл эсеби менен алтымыш үч, шамсий жыл эсеби менен алтымыш бир жашта жоктук мекенинен чексиздик мекенине көчтү. (Мухаммед бин Кутбуддин Изники)

Хижрий Жыл: Расулуллахтын Меккеден Мединага хижрат кылган жылды башталыш катары кабыл алган календар жылы.

Хижрий камерий Жыл: Расулуллахтын хижрат кылган жылынын 1-Мухаррам күнүн (Миладий 16-Июль 622 Жума күнүн) башталыш деп кабыл алган жана айдын жер айланасында он эки жолу айлануусун (354, 367 күн күнү) бир жыл деп кабыл кылган календар жылы.

Мухаррамдын биринчи күнү хижрий камерий жыл башы болуп саналат.

Хижрий Шамсий Жыл: Расулуллахтын хижрат кылып Мединаг кирген Сентябр айынын 20-сы Дүйшөмбү күнү башталган жана жердин күн айланасында бир жолу айлануусун (365, 242 күн күнүн) негиз деп кабыл алган календар жылы.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш