Акика


Перзент ниматын (жакшылыгын) бергендиги үчүн Аллаху таалага шүгүрчүлүк кылуу ниети менен союлган мал.

"(Бала дүйнөгө келгенде) жетинчи күнү акика малы союлат. Аты коюлуп, чачы алынат”. (Хадиси шариф – Тирмизи, Ахмед бин Ханбал)

"Акика - уул бала үчүн эки, кыз бала үчүн бир мал союу”. (Хадиси шариф – Шират-ул-ислам)

Хижраттын сегизинчи жылы уулу Ибрахим дүйнөгө келген күнү Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) чачын алып, чачынын салмагындай күмүш садака берди жана акика катары эки кочкор сойду. Чачтарын көмдү. (Имам Касталани)

Балага жетинчи күнү ат кою жана чачын алуу, чачынын салмагындай эркек үчүн алтын же күмүш, кыз үчүн күмүш садака берүү жана эркек үчүн эки, кыз үчүн бир акика мал союу мустахаб. Акика малы курмандык малы сыяктуу болуусу керек. Кийин да сойсо болот. Ханафи мазхабында акиканын этин бышырып дагы же чийкилей дагы бай кедей бардык адамга берүүгө болот. (Сеййид Ализада)

Акика балдарды ар түрдүү кырсыктан, оорудан коргойт. Акикасы союлган балдар кыяматта ата-энесине өзгөчө шапаат кылат. (Сеййид Ализада) 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш