"Аллаху
тааланын ыраазылыгы аларга болсун” же "Аллаху таала алардан ыраазы болсун”
деген маанидеги дуба жана урмат бирдире турган сөз. Экиден көп сахабанын ысымы
айтылганда, ишитилгенде жана жазылганда айтылат жана жазылат. Бир кишиге
"алейхиррыдван”, эки кишиге "алейхимеррыдван” деп айтылат.
Асхабы кирам
(алейхимуррыдван) пайгамбарлардан кийин бүткүл макулуктардын (жаратылгандардын)
ичиндеги эң жогорулары болуп саналат. (Омар Насафи)
Сахабалар
(алейхимуррыдван) пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) өтө жакшы
көрүшчү эле. Анын жолунда жандарын, малдарын, мүлктөрүн, бала-чакаларын, эне-аталарын,
мекендерин таштап, пайгамбар жолуна арнашаты. (Мухаммед Масуми Фаруки)