Жакшы көрүлгөн, жактырылган деген маанилерди
билдирет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жактырып, кээде орундоосу адат болгон,
кылынганда сооп берилип, кылынбаганда күнөө болбогон амалдар. Мунун өкүмү
суннати гайри муаккада өкүмүндөй. Буларды аткарган адам көп сооп алат,
аткарбаганга азап болбойт, шапааттан да куру калбайт. Бул мандуб, адеп деп да
аталат.
Мустахабдарга кайдыгерлик менен караган, маани
бербеген адам сүннөттөрдү орундай албайт. Сүннөттөрдө кайдыгерлик парздарды
орундоону кыйындатат. Парздарды кайдыгерлик менен орундаган адам Аллаху
тааланын ыраазычылыгына жете албайт. (Мухаммед Масум Фаруки)
Мустахабдарга кайдыгер мамиле кылбоо керек. Булар
Аллаху тааланын жакшы көргөн, жактырган нерселери болуп эсептелет. Эгер бүткүл
дүнүйөнү берип, Аллаху таала жактырган бир ишти орундай алууга көзү жетсе жана
дүнүйөнү берип, ошол иши жүзөгө ашырылса өтө чоң пайда көрөт. Тактап айтканда,
сынган бир идиш берип, өтө балуу бир алмаз алгандай болот. Же болбосо бир канча
сынган таш бөлүктөрүн берип, өлгөн сүйүктүүсүнө жанын кайтаргандай, кайра
тирилткендей болот. (Имам Раббани)
Мустахаб амалдарды орундоо Аллаху таалага
жакындатат жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө себеп болот. (Абдулхаким
Арваси)
Имамдын соңку сүннөттү парзды окуган жерде окуусу
макрух (ибадаттын сообун кетирет). Жамааттын окуусу макрух болбосо да, башка
жерлерде окуусу мустахаб. Мустахабды кылбагандын намазы кемчиликтүү болбойт,
бир гана сообунан куру калат. (Шернблали)
Беш маал намазды убактысы кирер менен окуу керек.
Бир гана куптан намазын кыш айларында түндүн үчтөн бирине чейин кечиктирип окуу
мустахаб. (Имам Раббани)