Мубах


Динибизде аткарылуусу буйрук кылынбаган, бирок, тыюу да салынбаган нерселер мубах деп аталат. Башкача айтканда, күнөө же ибадат экендиги билдирилбеген иштер. Жакшы ниет менен аткарылуусунда сооп, жаман ниет менен аткарылуусунда азап бар.

Мубахтар жакшы ниет менен аткарыла турган болсо таат (ибадат, Аллаху таала жактырган нерселер) болот. Жаман ниет менен аткарыла турган болсо күнөө болот. Адам кандайдыр бир мубах ишти аткаруудан мурда ниетине маани берүүгө тийиш. Ниети жакшы болсо аны аткарууга болот. Эгер ниети Аллаху таала үчүн болбосо аткарбоо керек. (Сеййид Абдулхаким Арваси)

Аллаху таала тарабынан мубах кылынган, башкача айтканда, уруксат берилген амалдар өтө көп. Ал эми, арам кылынган, тыюу салынган нерселер өтө аз. Мубахтардагы лаззаттар арамдардагы лаззаттардан алда канча көп. Аллаху таала мубах иш кылган адамдарды жакшы көрөт, арам иш кылгандарды жаман көрөт. Акылдуу, туура ойлонгон адам өткүнчү лаззат үчүн Аллаху таала ыраазы болбогон, жактырбаган нерселерди кылбайт. Ансыз деле Аллаху таала зыяндуу болгон бир лаззатты арам кылганда, бул лаззаттан башка бир канча нерселерди мубах кылган. (Имам Раббани)

Аллаху таала кулдарына жакшылык, мээримдүүлүк кылып, көп нерселерди мубах кылган, уруксат берген. Руху ооруга чалдыккан, көңүлү бузулгандыгы үчүн мубахтарга тойбостон, эч бүтпөй турган мубахтарды таштап, арамдар менен күмөндүү болгон нерселерди жасагандар канчалык бечара, канчалык бактысыз адамдар! (Имам Раббани)

Мубахтардан керектүү өлчөмдө гана пайдалануу керек. Бир адам мубахтарды, башкача айтканда, Ислам дининде уруксат берилген нерселерден ар каалаганын жасап, ташкындык кыла турган болсо, кийин күмөндүү нерселерди жасай баштайт. Күмөндүү нерселер болсо арамдарга жакын болот. (Имам Раббани)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш