"Аллаху тааланын саламы болсун” деген маанини билдирген көптөгөн пайгамбарлар жана төрт улуу периштелер үчүн колдонула турган дуба жана таазим (урмат) билдирген сөз. Эки киши үчүн "алейхимассалам”, анда көп адамга "алейхимуссалам” делет.
Мухаммед алейхиссалам: "Үммөтүмдүн эки жаман мүнөзгө учуроосунан катуу корком. Булар – напсине берилүү жана өлүмдү унутуп дүнүйөнүн артынан жүгүрүү”, - деди. (Хадиси шариф - Барика)
Бакыт ээси деп мына бул адамды айтууга болот, Азраил алейхиссалам келип: "Коркпо, Архамуррахимге (Аллаху таалага) бара жатасың. Негизги мекениңе барасың. Чоң ырыскыларга бөлөнөсүң”, -дейт. Мындай адамга мындан артык кадырлуу, кубанычтуу жана бактылуу күн жок. (Абдулхаким Арваси)