Муртад


Мурда мусулман болуп, кийин динден чыгып, капыр болгон адам.

"Аллаху таалага Жабраил алейхиссалам сыяктуу ибадат кылсаңар, момундарды Аллах үчүн сүймөйүнчө, капырларга жана муртаддарга Аллах үчүн душмандык кылмайынча эч бири кабыл болбойт.” (Хадиси шариф, Барика)

Муртад болгон адамдын мусулман кезиндеги жасаган ибадаттарынын, жакшылыктарынын бардыгы жок болот. Акыретте ага пайдасы болбойт. Өлүүдөн мурда мусулман болсо кечирилет, таптаза мусулман болот. Кайрадан ажылыкка баруусу керек болот. Муртад кезиндеги намаздары менен орозолорунун казаларын орундабайт. Андан мурда казага калган ибадаттарынын казасын орундоосу керек. Анткени, муртад болгондо, мурдагы күнөөлөрү жок болбойт. (Мухаммед Хадими)

Адал менен арамды айырмалабай, парздарды орундап, арамдардан сактанууга маани бербеген адам муртад болот. Шахадат келимесин айтса да, намаз окуса да, мен мусулманмын десе да мусулман болбойт. Бул сөздөрүнө, жасаган ибадаттарына ишенилбейт. Динден чыгуусуна себеп болгон нерсеге өкүнүп, тообо кылуусу зарыл. (Сеййид Абдулхаким Арваси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш