Динде буйрук кылынган нерселерди насаат кылуу,
үйрөтүү, орундатуу. Аллаху таала Курани каримде мындай дейт:
"О, момун кулдарым! Мен буйрук кылган
иштерди, ибадаттарды кылсаңар жана амри маруф"Бири-бириңерге мусулмандыкты
үйрөткүлө. Амри маруфту токтотуп койсоңор Аллаху таала араңардан эң жаман
адамды башыңарга балээ кылат жана дубаңарды кабыл кылбайт.” (Хадиси шариф - Мишкат)
"Кыямат күнү бир адамды алып келишет.
Аны Тозокко ыргыткыла деген буйрук берилет. Курсагы жарылып, ичегилери сыртка
чыгып калат. Эшектин казыктын тегерегинде айланганы сыяктуу, анын тегерегинде
айланып тура берет. Тозоктогулар, сен амри маруф жана нахйи мункар жасаган эмес
белең, азыр болсо бул абалың эмнеси? Сени мындай абалга түшүргөн эмне? деп
сурашат. Ооба, башкаларды жакшылыкка үндөчү элем, бирок, өзүм кылчу эмесмин.
Жамандыктарды кылбагыла дечү элем, бирок, өзүм кылчумун.” (Хадиси шариф, Бухари, Муслим)
"Бардык ибадаттарга бериле турган
сооп Аллах жолунда согушка аттанууга бериле турган сооп менен салыштырганда
деңиздин жанындагы бир тамчыдай гана. Ал эми, согушка аттануунун сообу болсо
амри маруф жана нахйи мункардын сообунун жанында деңиздин жанындагы бир тамчы
суудай гана.” (Хадиси
шариф – Кимя-и Саадат)
"Амри маруф эки түрдүү жасалат. Биринчиси –
сөз, жазуу жана ар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу. Муну жасаганда билим аз
болсо жана ар адамдын түшүнүү деңгээлине, каада-салттарга, мыйзамдарга маани берилбей
турган болсо фитнага (бүлүккө) себеп болушу ыктымал. Экинчи жол – ал-ахыбал
аркылуу жасалат, башкача айтканда, Исламдын көркөм кулк-мүнөзү менен кооздонуп,
адамдарга үлгү болуу аркылуу. Адамдарга жылуу сөз, жылуу жүз менен жакшы
мамиледе болуу, эч кимди таарынтпоо, эч кимдин мал-жанына, намысына көз тикпөө
эң таасирдүү, эң пайдалуу амри маруф болуп эсептелет.” (Имам Биргиви)
"Амри маруф жана нахйи мункар кылган адамдын
ниети таза болууга жана иштин маанилүүлүгүн түшүнүп, Аллаху тааланын мындагы
буйругун жакшы билип, сабырдуу болууга, айтышып, сөз талашпоого, урушпоого,
жумшактык менен жылуу сөз жана жазуу аркылуу кылууга тийиш.” (Имам Биргиви)