Аманту


       Ислам дининде ишенүү керек болгон алты негизги шарт.

       Аманту жана мааниси: "Аманту биллахи ва Малааикатихи ва Кутубихи ва Русулихи вал йавмил ахири ва бил кадари, хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун, ашхаду ан лаа илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулуху”

      Аллаху таалага, периштелерине, китептерине, пайгамбарларына, акырет күнүнө, тагдырдын, жакшылык менен жамандыктын Аллахтан экендигине ишендим. Өлгөндөн кийин тирилүү хак. Аллахтан башка илах жок экендигине жана Мухаммед алейхиссалам Аллахтын кулу жана ары элчиси экендигине күбөлүк кыламын, - деген сөз.

      Амантуда билдирилген алты шарттын маанилерин билип, жактырып кабыл кылган адам момун деп аталат. (Кемахлы Фейзуллах)

      Мусулман эмес адам калимаи таухидди айтып, маанисине кыскача ишенген кезде дароо мусулман болот. Бирок, бардык мусулмандар сыяктуу мүмкүн болсо амантунун шарттарын жаттап, маанисин жакшылап үйрөнүүсү кажет. (Дамат)

      Бала кичинекей кезинде ата-энесинини динин карманып мусулман болот. Ислам динин билбей балагатка толгон бала муртад болуп, мусулмандыктан чыгат. Ошондуктан, балагатка толо электе калимаи таухидди, амантуну жана булардын маанилерин үйрөтүү керек. Бала ушуларга жана Ислам динине моюн сунуу керек экендигине ишенүүсү керек. (Ибни Абидин)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш