Амин


"Кабыл кыл” деген маанидеги дубанын акырында айтыла турчу сөз.

"Кимде ким намаздан кийин имам менен дуба кылып, амин десе, амин сөзүнүн ариптери төртөө, ар бир арибине миң периште түшөт. Булар кыямат күнүнө чейин бул кишиге дуба кылат”. (Хадиси шариф – Мифтах-ул-Жанна)

Аллахым, бизге жетиштүү ырыскы, динимизге саламаттык, өлүмдөн мурда тообо, өлгөн кезде тынчтык-ырахаттык, өлүмдөн кийин кечирим жана Тозок отунан кутулууну, Бейишке кирүүнү, дүнүйөдө жана акыретте кечиримге ээ болууну насип кыл! Амин. (Китаб-ус-салат)

Бир адам колундагы мал-мүлкүнөн садака берип, андан сооп күтсө, ал эми аны алган кедей адам анын арам экендигин билип туруп берген адамга "Аллах ырааза болсун!” десе, берген адам же башка бир адам ага "Амин!” деп жооп кайтарса бардыгы куфурга кирет. (Ахи Юсуф Челеби)

Жамаат менен намаз окуганда имам "Валад-даллин” дегенде имам менен жамааттын жана жалгыз окуган адамдын "Фатиха” сүрөсүн окуп бүткөн кезде ичинен "Амин” деп айтуулары сүннөт. (Халебии Сагир)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш