Хидаят


1 – Туура жолду көрсөтүү, туура, Аллаху таала ыраазы болгон жолдо болуу.

Аллаху тала Курани каримде Бакара сүрөсүнүн 16-ыйык аятынын маанисинде буюрат:

"Алар хидаятты (туура жолду) берип, ордуна адашууну сатып алышты. Бул "соодалары” өздөрүнө эч кандай пайда берген жок. Туура Жолду таба алышкан жок.”

"Өзүнө хидаят жолу анык болгондон кийин, пайгамбарга баш ийбей каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн коёбуз жана өтө жаман болгон Тозокко жеткиребиз.” (Ниса сүрөсу, 114)

"Ибадаттарын ыкылас менен (Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн) жасагандарга сүйүнчүлөр болсун. Алар хидаят жылдыздары. Фитналардын караңгылыктарын жок кылышат.” (Хадиси шариф, Барика)

Инсан жаратылышта хидаят жана далалат болуп эки тараптуу болот. Ага хидаят, үстөмдүк тарабын тааныта алуу үчүн муну кубаттандырууга аракет кылуусун камсыз кылуу үчүн бир мугалим, бир устат зарыл. (Мухаммед Хадими)

2 – Аллаху тааланын адамдын жүрөгүнөн ар түрдүү кыйынчылык жана кайгы-муңду чыгарып салып, ордуна бейпилдүүлүк, рахаттуулук жана кеңдик берип, Өзүнүн буйрук жана тыюуларына амал кылуусуна толук жеңилдик ихсан кылуусу  жана кулдун ыраазычылыгын Өзүнүн каза жана кадерине (тагдырына) багындыруусу.

Курани каримде Ниса сүрөсүнүн 106-ыйык аятынын маанисинде айтылат:

"Биз өздөрүнө илим жана хидаят берген адамдар эгер илимдерин башкалардан жашыра турган болушса, Аллахтын жана наалат кылгандардын наалаты алардын үстүнө болсун.”

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш