Ислам дини » Терминдер » Калима-и шахадат




Калима-и шахадат


"Ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух” ыйык сөзү. Мааниси: "Аллаху тааладан башка болмушу зарыл болгон, ибадат жана итаат кылынууга (моюн сунулууга) акысы болгон башка кудай, башка эч ким жок экендигин өз көзүм менен көргөндөй билемин жана ишенемин. Мухаммед саллаллаху таала алейхи васалламдын Аллаху тааланын кулу жана пайгамбары экендигин өз көзүм менен көргөндөй билемин жана ишенемин. Анын жиберилүүсү менен Андан оболку пайгамбарлардын диндери аякталды, өкүмдөрү жоюлду. Түбөлүк бакытка, кутулууга ээ болуу үчүн жалгыз Аны гана ээрчүү зарыл. Анын ар бир сөзү Аллаху таала тарабынан өзүнө билдирилген. Бардыгы туура. Ката болушу мүмкүн эмес.”

...Рамазан айында төрт нерсени көп жасагыла! Булардын экөөсүн Аллаху таала аябай жакшы көрөт. Булар: Калима-и шахадат айтуу жана истигфар кылуу. Экөөсүн ансыз деле дайым орундап жүрүүгө тийишпиз. Булар: Аллаху тааладан Бейишти тилөө жана Тозок отунан коргоосун тилеп, Ага сыйынуу... (Хадиси шариф, Ат-Таргиб ват Тархиб)

"Ыкылас менен (жалгыз Аллаху тааланын ыраазычылыгын көздөп) Калима-и шахадат айткан адам Бейишке кирет.” (Хадиси шариф, Табарани)

Калима-и шахадат айтуунун төрт шарты бар: Тил менен айтып жатканда жүрөктүн да даяр болуусу. Маанисин билүү. Хулуси калб менен (ыкылас, башкача айтканда, Аллаху тааланын ыраазычылыгын көздөп, ишенип) айтуу. Таазим (сый-урмат) менен айтуу. (Кутбуддин Изники) Ишенип калима-и шахадат айтуунун жүз отузга жакын пайдалары бар. Булардын өлүм алдында бешөөсү: 1 – Азраил алейхиссалам ага өтө сулуу көрүнүштө келет. 2 – Майдан кыл суургандай рухун алат. 3 – Бейиштин жыттары келет. 4 – Сүйүнчү периштелери келет. 5 – "Салам, эй, момун! Сен Бейиштиксиң”, - деп айтылат. (Кутбиддин Изники)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш