Ислам дини » Терминдер » Калима-и таухид




Калима-и таухид


"Ла илаха илаллах, Мухаммадун расулуллах” сөзү. Мааниси: "Аллаху тааладан башка кудай жок. Мухаммед алейхиссалам Анын расулу (элчиси). Калимаи тавхид – калимаи ихлас, калимаи таква, калимаи таййиба, дават-уль-хак, урват-уль-вуска, калимаи самарат-уль-Жаннат деп да аталат.

Жерлерди жана асмандарды таразанын бир тарабына, бул калимаи тавхидди экинчи тарабына коюшса, бул калима коюлган тарап сөзсүз оор басат. (Хадиси шариф, Мактубати Раббани)

Бир мусулманга эң алгач калимаи тавхиддин маанисин билүү жана ишенүү парз. (Имам Газали)

Бир капыр калимаи тавхидди айтар жана маанисине ишенер замат мусулман болот. Бирок, мунун дагы ар бир мусулман сыяктуу ыймандын алты негизин жаттап, маанисин жакшылап үйрөнүүсү зарыл. (Ибни Абидин)

Аллаху таала хазреттери Муса алейхиссаламга айтты: "О, Муса! Кыямат күнүндө периштелердин сени зыярат кылууларын кааласаң калимаи тавхидди көп айткын!”(Каъб-ул-Ахбар)

Раббибиздин каарын, өч алуусун кайтаруу үчүн калимаи тавхидден да пайдалуураак башка нерсе жок. (Имам Раббани)

Өлүм төшөгүндө жаткан адам Ихлас сүрөсүн көп окууга тийиш. Жаткан жеринин туш мандайында калимаи тавхид жазылган лавха (рамка) илинген болушу керек. (С. Абдулхаким Арваси)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш