1 – Аллаху тааланын Асма-ул-хуснасынан (көркөм,
ыйык ысымдарынан). Ар түрдүү амандык, тынчтык, бейпилдик берүүчү жана
коопсуздук тартуулоочу.
Курани каримде Хашр сүрөсүнүн 23-ыйык аятынын
маанисинде буюрулат:
"Ал – Аллах. Бир өзүнөн башка эч бир
сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – Малик (чыныгы падыша), Куддус (кемчиликтен
таза), Салам (ар бир апааттан сактоочу), Мумин (амандык
берүүчү), Мухаймин (макулуктардын үстүнөн күзөтүп туруучу),
Азиз (ызаат жана кудурет ээси), Жаббар (каалоосу мажбур
түрдө таасир этүүчү) жана Мутакаббир (улуулуктун ээси).
Аллаху таала бутка сыйынуучулардын ширктеринен таза.”
2 – Ыйман келтирген, ыймандуу, Расулуллах
алейхиссалам тарабынан билдирилген нерселердин бардыгын чын жүрөктөн кабыл
кылып, тили менен айтып тастыктаган адам.
Курани каримде Нур сүрөсүнүн 31-ыйык аятынын маанисинде буюрулат:
"Эй, момундар (ыймандуулар)! Баарыңар Аллаху таалага
тообо кылгыла, дүнүйө жана акырет саадатына (бакытына) жетесиңер.”
"Момундун парасатынан корккула. Анткени,
ал Аллаху тааланын нуру менен карайт.” (Хадиси шариф, Маназил-ус-Сааирин)
"Момун - өзү үчүн жакшы көргөн
нерсени дин боордошу үчүн дагы жакшы көргөн адам.” (Хадиси шариф, Рисала-и Мунира)
"Момундар бири-бирин сүйүүдө, бири-бирине
мээримдүүлүк кылууда, бири-бирин коргоодо бир дене сыяктуу. Дененин кандайдыр
бир мүчөсү ооруса башка мүчөлөрү да ушундан улам безгекке жана уйкусуздукка
чалдыгат.” (Хадиси
шариф, Сахих-и Муслим)
Момун болуу үчүн жалгыз шахадат келимесин (ашхаду
ан лаа...) гана айтуу жетиштүү эмес. Мунафыктар (ичинен ишенишпеген болсо да,
сыртынан мусулман көрүнгөндөр) да муну айтышууда. Жүрөктө ыймандын бар
экендигинин белгиси – шарияттын (Ислам дининин) буйруктарын чын жүрөктөн жана
сүйүп орундоо. (Имам Раббани)
Камил (жетик) момундун төрт белгиси бар: Тили менен
зикир кылат (Аллаху тааланын эстейт), унчукпаганда тафаккур кылат (Аллаху
тааланын улуулугун ойлонот), ибрет назары менен карайт, кайырлуу жана жакшы
иштерди кылат. (Абу Бакр Варрак)
Момундун истирахаты (дем алуусу) акыретте. Эки-үч
күндүк өткүнчү дүнүйөдө кыйынчылык тартат. Бул анын күнөөлөрүнө каффарат
(кечирим) болот. (Абдулхаким Арваси)