Лутф


Ихсан, жакшылык.

"Бир пендеге динине байланыштуу Аллах тарабынан бир насаат келе турган болсо, ал насаат - Аллах тарабынан ага жиберилген бир немат жана лутуф. Аны кабыл кылат жана талап кылынган нерсени орундай турган болсо өтө жакшы болот. Эгер кабыл кылбай турган болсо, күнөөсүнүн жана Аллахтын каарынын артуусу жагынан ага каршы бир далил болот.” (Хадиси шариф, Маваиз-ул-Хулафа)

"Шам намазынан кийин куптандын убактысы кире электе эки рекет намаз окуган адам биринчи рекетинде бир Фатиха жана бир Аятал күрси жана беш ыйык Ихлас сүрөсүн, экинчи рекетинде бир Фатиха, Бакара сүрөсүнүн акыркы үч аятын окуп, ал намазды бүтүрсө Аллаху таала хазреттери Бейиште бир мартаба лутуф кылат жана ар рекети үчүн бир шейиттин сообу жана окуган ар бир аяты үчүн бир кулду азат кылгандай сооп берет.” (Хадиси шариф, Мифтах-ул-Жанна)

"О, лутуф жана ихсаны мол болгон Аллахым! Бизди дүнүйөдө жана акыретте эч кимге муктаж кылбагын!” (Имам Раббани)

Мени Сен жоктон бар кылдың о, Рабби.

Нечендеген нематтар лутф кылдың о, Рабби! (Мухаммед бин Ражаб)

Дартым бар, ал Худадан дартка дарман тилеймин,

Алсызмын, баби атаадан лутфу ихсан тилеймин. (М. Сыддык бин Саид)

"Кыямат күнү Аллаху таала лутуфун ортокко коюп: "Аалымдар менин жанымда пайгамбарларым сыяктуу”, - деп айтат. Аалымдарга карата болсо: "Тилеген адамдарыңарды шапаат кылгыла”, - деп айтат.” (Имам Газали)

"Марифат нурунун коргоосуна сыйынбастан, өлгөндөн кийин шахват отунун жанын күйгүзүүсүнөн Аллаху тааланын лутуфу жана ырайымы менен кутула турганын ойлогон адам жылуу кийим кийбестен, кыштын кычыраган суугун Аллаху тааланын лутуфу менен үшүтпөй турганын ойлогон адамга окшош. Аллаху таала бир топ пайдаларды камсыз кылуу үчүн кышты жараткан болсо да, лутуф жана ырайым кылып, кийим жасала турган нерселерди жана аны жасай турган акылды да жараткан.”(Имам Газали)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш