Лаанат


Жаман дуба, наалат, каргыш. Бир адамдын жамандыгын, Аллаху тааланын кечирим жана ырайымынан куру калуусун, кыянат кылгандардын же жамандыктардын керектүү жазаага тартылуусун тилөө.

Курани каримде айтылды:

"Аллаху тааланы жана Расулун иренжиткен адамдарга дүнүйөдө жана акыретте да лаанат болсун.” (Ахзаб сүрөсү, 57)

"Мен лаанат кылуу үчүн, адамдардын азап тартуулары үчүн жиберилген эмесмин. Мен баарына жакшылык кылуу үчүн, адамдардын бакытка, тынчтыкка жетүүлөрү үчүн жиберилдим.” (Хадиси шариф, Ахмед ибни Ханбал)

"Аялдардын кийимин кийген эркекке жана эркектердин кийимин кийген аялга лаанат болсун.” (Хадиси шариф, Заважир)

"Бир пенде кандайдыр бир адамга же нерсеге лаанат кылганда ал лаанат асманга көтөрүлөт. Бирок, асмандардын эшиги ал жаман сөзгө каршы жабылат: жерге түшөт, анын да эшиктери жабылат. Анан оңго-солго барат, кирүүгө жер таппаган кезде лаанатка татыктуу болгон адамга же нерсеге тийет. Эгер лаанатка татыктуу болбосо, ал учурда лаанат кылган пендеге кайтып барып тийет.” (Хадиси шариф, Рияз-ус-Салихин)

"Эй, балам! Эч кимге лаанат кылба. Анткени, сен лаанат кылган адам лаанатка татыктуу болбосо, кылган лаанатың өзүңө кайтып келип тийет. Жаныбарларга да лаанат кылба. Себеби, периштелер сага лаанат кылышат.” (Сулайман бин Жаза)

"Кимде-ким бир миниле турган же жүк ташыла турган жаныбарга лаанат кылса, ал жаныбар айтат: "Омин, бирок, улуу Аллахка кайсы бирибиз көбүрөөк күнөөлүү болсок лаанат ошонун үстүнө болсун.” (Фудайл бин Ияд)  


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш