"Ла хавла вала куввата илла биллах” сөзү. Мааниси: "Күч жана кубат
жалгыз Аллаху тааладан гана” дегендик.
Имам Раббани хазреттери дин жана дүнүйө
зыяндарынан кутулуу үчүн күн сайын 500 жолу калима-и тамжид окучу. (Санауллахи
Пани Пути)
Коркунучтуу учурларда жана жин тийүүсүн жок кылуу
үчүн калима-и тамжид окугула. (Ахмед Фаруки)
Дарттардан кутулуу жана муратка (тилекке,
максатка) жетүү үчүн 500 жолу калима-и тамжид менен башында 100 жана аягында
100 жолу салават (Аллахумма салли ала сеййидина Мухаммадин ва ала али
сеййидина Мухаммед) деп дуба кылуу керек. (Мухаммед Масум)