Икрам


Урматтоо, сыйлоо же тамак-аш, суусундук, белек же башка бир нерсе сунуу.

"Кимде-ким бурадарына икрам кыла турган болсо Аллаху таала ага да икрам кылат.” (Хадиси шариф, Фирдавф-ул-Ахяр)

"Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген болсо кошунасына кыйынчылык туудурбасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенген болсо мусаапырга икрам кылсын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенген болсо же хайыр (пайдалуу нерсе) сүйлөсүн же унчукпасын.” (Хадиси шариф, Риязус-Салихин)

"Мусаапырга икрам кылуу сооп. Мал жалгыз Аллаху таала үчүн гана союлат. Бир адам келгенде союлган мал этинен ага да икрам кылынганда малды Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сойгон, пайдасы мусаапырга болгон болот.” (Ахмед Фаруки)

"Өзүң тааныган бир мусулман сага келгенде колуңан келишинче жакшы жана таттуу тосуп ал жана тамак икрам кыл. Үйүңөн сыртка чыгып аны тосуп ал. Салам бергенде саламына жооп бер. Сукбаттан кийин кетип баратканда аны узатып кой жана дуба кыл.” (Сулайман бин Жаза)

"Кимде-ким чачы-сакалы агарган мусулман бир адамга икрам кыла турган болсо Аллах да ага картайганда сый-урмат жана икрам кыла турган адамдарды милдеттендирет, ага да икрам кылышат.” (Ахмед Рыфаи)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш