Ихсан


1 – Жакшылык кылуу.

Аллаху таала Курани каримде айтат:

"Ихсан кылуучуларга албетте ырайымым өтө жакын.” (Аъраф сүрөсү, 56)

"Инсандарга эне-аталарына ихсан кылууларын буюрдук.” (Ахкаф сүрөсү, 15)

"Ихсандын жообу (ушундай) ихсандан башка нерсе эмес.” (Рахман сүрөсү, 60)

"Эне-атаңарга ихсан кылсаңар балдарыңар да силерге ихсан кылат. Дин боордошу кечирим сураганда кабыл кылбаган адам Кавсар суусунан иче албайт.”(Хадиси шариф, Барика)

"Хазрети Расулуллах алейхиссаламдын өтө көп жакшылыктары, ихсандары бар эле. Рим императорлору, Иран шахтары Ал сыяктуу ихсан кыла алышчу эмес. Бирок, Өзү кыйынчылыкта жашоону жактырчу.” (Имам Раббани)

"Ихсан ар жерде макталууга татыктуу. Өзгөчө тууган-уруктарга жана кошуналарга болсо андан да жакшыраак.” (Имам Раббани)

Хамд болсун, нематтары мол Аллахка,

Алгач, бар болуу нематын берди мага!

Ихсандарын саноого күч жетпейт,

Күч да, ар үстөмдүк да ылайык Ага! (М. Сыддык бин Саид)

2 – Аллаху тааланын көрүп тургандай ибадат кылуу.

"Ихсан – Аллаху таалага Аны көрүп тургандай ибадат кылууң. Сен Аны көрбөй жаткан болсоң да, Ал сени дайым көрүп турат.” (Хадиси шариф, Бухари, Муслим)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш